Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

УКМК бийликти күч менен басып алууга айыптап бир нече адамды камады


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деген айып менен бир канча адам камалганын билдирди. Анда атайын кызмат ондогон адам калайман каршылык акцияларын уюштурууга даярданып жүргөнүн, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлганын кабарлады.

Негизги уюштуруучусу "Элдик кеңеш" саясий партиясынын жетекчиси экени аныкталды деп билдирди.

"Соттун санкциясы менен чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголду. Аталган кылмыштуу топ жыл бою тарапкерлерди, өлкөдөгү нааразы болгон жарандарды тартуу үчүн максаттуу иш жүргүзгөнү аныкталды. Негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист, “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экени аныкталды. Тергөөдө белгилүү болгондой, бул топко жүздөн ашуун адам тартылган, алардын милдеттери так бөлүштүрүлгөн. УКМКга 5-июнунда 30дан ашуун катышуучу алып келинди. Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн мойнуна алды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылган маалыматта.

Кармалгандар жана алардын жакындары, адвокаттары азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматова экени жазылган. Кармалгандардын арасында жарандык активист Гүлжигит Исаков дагы бар экени белгилүү болду.

Мунун алдында, 5-июнда УКМК “бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен бир топ кишини кармаганы белгилүү болгон. Интернетте тараган тасмада аскер кийимчен, куралчан кызматкерлер көчөдө автоунаадан жана турак үйлөрдүн биринде адамдарды кармап, колуна кишен салып жатканы тартылган.

Ушу тапта “бийликти басып алууга аракет кылган” деген негизде он чакты саясатчы, активист абакта отурат. Алар кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын билдирип жүрүп, былтыр октябрда кармалышкан. Өздөрү бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатат. Ал эми президент Садыр Жапаров камалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети да кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG