Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Президентке сыйлык-наамды кайтарып алуу укугун берүү сунушу колдоо тапты


Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учуру. 2-сентябрь, 2022-жыл.
Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учуру. 2-сентябрь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитети 6-июндагы жыйынында "Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый-акылар жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү долбоорун биринчи окууда карап, аны кабыл алды. Анда юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов баяндама жасап, документте бир катар өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билдирди. Ага ылайык, ушул кезге чейин берилген сыйлыктар соттун чечими менен гана кайра алынып келсе, мындан ары ушундай укукту президентке дагы берүү сунушталып жатат.

"Бүгүнкү күндө мамлекеттик сыйлыктар эң жогорку, биринчи, экинчи жана үчүнчү категориядагы болуп бөлүнөт. Биз болсо өзгөчө категориядагы "Ата-Мекен" жана "Эмгек баатыры" деген сыйлыктарды киргизүүнү сунуштап жатабыз. Экинчи категориядагы сыйлык бар, бул "Эрдик" деген медаль, биз анын деңгээлин орденге көтөрүп жатабыз. Биз андан сырткары мамлекеттик сый акылар деген түшүнүктү да киргизип жатабыз. Былтыр президент ишкерлердин макамын көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошол жарлыктын негизинде ишкерлерге "эмгек сиңирген ишмер" деген наам берүүнү сунуштап жатабыз. Азыркы мыйзамда "мамлекеттик сыйлыктар соттун чечими менен гана алынат" деген тартип бар. Биз болсо президентке дагы ушундай укук берип жатабыз",-деди Орозов.

Президент Садыр Жапаров былтыр өлкөнүн эгемен күнүнө карата жана жылдын аягында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган. Сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде өзү оппозицияда жүргөндө социалдык тармактарда наам, орден-медалдардын берилишин сындаган билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ошол маалда сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей, тааныш-билиштер гана алганын, наамдар сатылганын айтып, азыр андай көрүнүш жоюлду деп ишендиргенге аракет кылган.

Садыр Жапаровдун бийлигине чейин жогорку наам алгандар буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Кыргызстанда мамлекеттик сыйлык-наамдарды ыйгарууга байланыштуу сын-доомат токтой элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG