Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Курсан Асановдун сот иши: үч айыптын экөө боюнча актоо өкүмү чыкты


Курсан Асанов Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумунда. 2023-жылдын 8-июну.
Курсан Асанов Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумунда. 2023-жылдын 8-июну.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 8-июнда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон иштер боюнча акыркы отурум болуп, өкүм чыкты. Асановдун өзүнө жана ага байланышы бар деген бир нече адамга коюлган үч айыптын экөө боюнча баары акталышканын, ал эми бирөө боюнча айыптуу деп табылышканын, шаардык сотко апелляция берилерин “Азаттыкка” адвокат Чынара Жакупбекова билдирди:

“Пайзылда уулу Дамирбек акталды. Мухаммедали Асанов акталды толук, ал атасына жардам берди деп айтылып жаткан. Курсан Асанов кызматкерлерди жумушка алганы жана пакет тууралуу эки эпизод боюнча акталды. Ал эми Разаков боюнча Асановго да, Бейшенбековго да айыптоо өкүмү чыкты, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазасыз калтырылды”.

Башкы прокуратура Асановго үч иш козголгонун, алар Биринчи Май райондук сотунда бириктирилип каралып жатканын 2020-жылдын февраль айында маалымдаган.

Биринчиси "ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген" деген кине. Бул айыптарды сот негизсиз деп таап, актады. ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек Курсан Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон деген маалымат тараган.

Экинчиси боюнча Асанов өзү жана “Чындык” гезитинин ошол кездеги башкы редактору Турсунбек Бейшенбеков экс-вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга күнөөлөп жатышкан. Бейшенбеков Асановдун өкүл баласы экени кабарланган.

Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Анда Асановго «Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, жансакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу баласына, андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берген» деген негиздеги, ичине буюмдар салынган кызгылт пакет боюнча айып коюлган.

2021-жылдын январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча, ошол эле жылдын сентябрында “Бийликти күч менен басып алуу” деген берененин негизинде да иштер козголгон. Кийин Биринчи Май райондук соту ошол окуяга айыпталгандарды "кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган.

2021-жылдын 22-сентябрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып баш прокурор Курманкул Зулушев Асановго козголгон иштердин жүйөсү бар экенин билдирген.

Жогорудагы айыптар боюнча Асанов бир нече жолу камалып, кайра кое берилген.

2019-жылдын 7-8-августунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөн, анда УКМКнын бир офицери каза болгон.

Асанов ички иштер министринин орун басары болуп 2011-2019-жылдары иштеген. 2019-жылдын 13-августунда кызматтан алынышына Кой-Таш операциясында «милициянын кызыкчылыгын сатканы, ишеничтен чыкканы» негиз болгону айтылган. Асанов өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан. (MKt)

XS
SM
MD
LG