Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Аба ырайы: күндүн табы 40 градуска жетет


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

8-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;

Талас жергесинде түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 5…10, күндүз 9…14.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 21…23°, күндүзгү температурасы 38…40° болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG