Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

"Озоди" Тажикстан чек арасынан ооган жарандары кармалганын кабарлады


Тажик-ооган чек ара участокторунун бири. Иллюстрациялык сүрөт
Тажик-ооган чек ара участокторунун бири. Иллюстрациялык сүрөт

Тажик күч органдары жүргүзгөн операция учурунда ондогон ооган жараны, арасында мурдагы аскер кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу маалымдаган "Озоди" радиосу бир жумадан бери Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районунда, алыскы чек ара тилкесинде текшерүү иштери жүргүзүлгөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, тажик бийлиги иш-чара жөнүндө расмий маалымат бере элек. Бирок редакциянын мамлекеттик мекемелердеги булактары маалыматты тастыктап, кармалгандардын жанынан "курал-жарак табылганын, алар Дүйшөмбүгө жеткирилгенин" билдиришти.

Ооган жарандары кошуна өлкөгө качан жана кантип келгени беймаалым.

2021-жылдын августунда талибдер Кабулдагы бийликке кайтып келгенден кийин жүздөгөн аскер кызматкерлери, учкучтар, ошондой эле карапайым кишилер Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өтүп, убактылуу баш калка тапкан.

Аайрымдары кийин үчүнчү өлкөлөргө кетип, кээ бирлери кайра Ооганстанга кайтып барган. Калгандары Тажикстандын ар кайсы шаарларында жана аймактарында жайгаштырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG