Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Чолпонбек Абыкеевдин төңкөрүш жөнүндөгү сөзү кайра талкуу жаратты


Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

Жогорку Кеңеш 8-июндагы жыйынында “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат. Анда депутат Нурбек Сыдыгалиев президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин "2020-жылдагы Октябрь окуясында парламент депутаттары кетип калган, эми курултай чогулат" деген мазмундагы буга чейин айткан сөзүн дагы сынга алды. Ошол окуялар маалында депутаттар чогулуп, ошол маалдагы президент Сооронбай Жээнбековдон кийин келген бийликти мыйзамдаштырып бергенин айтты.

Абыкеев бул сөзүн өткөн айдын аягында курултай мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитетинин жыйында билдирген. Анда бир катар депутаттар президенттин кеңешчисинин айткандарын сынга алып, парламент залынан чыгып кетүүнү сунуштагандар да болгон.

Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бар экени айтылган.

Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон.

Буга чейин мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башчысы, "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев анда 22 берене 15ке чейин кыскарганын билдирген.

Жогорку Кеңеш 10-майда “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кайрадан биринчи окууда карап, концепциясын кабыл алган.

Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек эле.

Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон. Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан.

XS
SM
MD
LG