Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

Октон жараат алган жоокердин апасы уулу сабалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кой-Таштагы аскердик бөлүктө ок жеген жоокердин жакындары ал зомбулукка кабылганын айтып жатышат. Апасы Майрамбүбү Абдразакова бүгүн 8-июнда “Азаттыкка” кайрылып, уулу операция болгонун, ок өпкөсүнө жана кабыргасына тийгенин, мындан тышкары ал сабалганы да белгилүү болгонун айтып берди.

Абдразакова териштирүү жүрүп жатканын, баарын тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүнө айтып бергенин билдирип, уулу жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганын, ал өзүн өзү атып алган деген версия каралып жатканын айтты:

“Денеси бүт көк ала. Сабалыптыр. Жаагынан бери көк ала. Автоматты тазалап жатканда ичинде ок бар экен. Тигилер сабаптыр. Кирип барып, ачуусу менен автоматты тазалайын деп жатканда атылып кетиптир. Эмне үчүн анын ичинде ок болушу керек? Баланы эмнеге сабашат? Эки далысы, жаагынан бери шишите сабалган”.

Окуя 6-июнда болгон. Коргоо министрлиги Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 бөлүктүн аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылып, октон жаракат алганын билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы жаракат алган аскерге борбордогу клиникалардын биринде операция жасалганын, абалы канааттандырарлык экенин кабарлаган.

Жараат алган аскер Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургун экени кабарланды.

Аскердик кызматын өтөп жатып жараат алган, каза болгон жоокерлер боюнча түрдүү окуялар буга чейин да катталып келген.

2022-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө каза болгон төрт жоокердин окуясы суицид деп катталганын башкы прокурор Курманкул Зулушев кабарлаган.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG