Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Астана форумунда Садыр Жапаров сууну пайдалануу маселесин көтөрдү


Садыр Жапаров, Астана эл аралык форуму.
Садыр Жапаров, Астана эл аралык форуму.

Президент Садыр Жапаров 8-июнда Казакстанда Астана эл аралык форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Анын басма сөз кызматы анда климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Мындан улам "жашыл" экономикага өтүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, суу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу турмуштук зарылчылыктан улам келип чыкканын белгиледи".

Жапаров "Кыргызстанда суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, интеграцияланган түрдө башкаруу принциптерин киргизүү маселесине өзгөчө маани берилерине басым жасады",-деп жазылган маалыматта.

"Биз мыйзамдарды, анын ичинде Суу кодексин жаңылоо процессин баштадык. Быйыл февралда 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы кабыл алынган, анын алкагында Кыргызстан өзүнө: сууларды мамлекеттик эсепке алууну жана экологиялык абалды жакшыртуу; коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария; суу боюнча Бирдиктүү маалыматтык системаны санариптик трансформациялоо; сууну сарамжалдуу пайдаланууга стимул берүүчү суу ресурстарын башкаруунун туруктуу экономикалык механизмдерин түзүү; гидрографиялык принцип боюнча бассейндик башкаруу органдарын түзүү боюнча милдеттенмелерди алат. Кыргызстандын суу ресурстары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы, ошондой эле коңшу өлкөлөр пайдаланган жагдай биздин бүткүл регион алдындагы чоң жоопкерчилигибизди шарттагандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыргызстан бул тармакта кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт", - деген Жапаров.

Борбор Азиядагы дарыянын жогору жагында орун алган Кыргызстан менен Тажикстан жана дарыянын төмөн жагында жайгашкан Казакстан менен Өзбекстандын суу ресурстарын колдонуу боюнча позицияларында айырмачылыктар бар.

Тоолуу эки өлкө сууну товар катары кароо зарылдыгын айтып келсе, Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын жалпы байлык катары сыпаттап келет.

2019-жылы казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде эки өлкө ортосундагы маанилүү суу ирригациялык жааттагы абалга токтолуп, "Борбор Азияда суу ресурстары - жалпы байлык" деп атаган. Ал бул жаатта суу ресурстарын биргеликте колдонууну улантуу зарыл экенин белгилеген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан Нарын дарыясынын болгону 10% сугат суу үчүн колдонот. Калганын кошуна өлкөлөргө берет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG