Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Экс-министр Бейшеналиевдин кеңешчисин актаган сот өкүмү жокко чыкты


Мээрим Тилекова. УКМК жарыялаган сүрөт.
Мээрим Тилекова. УКМК жарыялаган сүрөт.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешичи болуп иштеген Мээрим Тилекованын сот өкүмү өзгөртүлгөнүн бүгүн 8-июнда “Азаттык” радиосуна Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 31-майда облустук сот райондук соттун актоо өкүмүн жокко чыгарып, айыптоо өкүмүн чыгарды.

Жети-Өгүз райондук соту быйыл 4-апрелде Тилекованы жана Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бейшекан Жайлымышеваны актаган өкүм чыгарган.

Эми облустук соттун аныктамасы менен Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу” деген беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, ага 100 миң сом айыппул салынды.

Жайылмышева “Жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу” беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылды. Ага 500 миң сом айыппул салынды.

Тергөө учурунда далил буюм катары алынган 100 500 сом мамлекеттин пайдасына конфискацияланганы маалымдалды.

2022-жылдын 13-майында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору 100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жарыялаган. Ошол кездеги министр Бейшеналиев ал акчаны медайымдар кафеге чогултканын, кеңешчисинин күнөөсү жоктугун билдирген. 17-майда УКМК Тилекова “Опузалап пара алуу” беренеси менен кармалганын билдирген.

Экөө тең камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG