Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:16

“Эки суткадан бери кезерип турам”. Кыргыз-казак чек арасында кайрадан тыгын


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак Жол" өткөрмө бекетинде кезек күткөндөр. 7-июнь, 2023-жыл
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак Жол" өткөрмө бекетинде кезек күткөндөр. 7-июнь, 2023-жыл

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги жаралды. "Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" өткөрмө бекеттеринде айдоочулар күндүн ысыгында 2-3 сутка кезек күтүүгө аргасыз экенин айтууда. Кыргызстандын чек ара кызматы буга айыл чарба продукциясынын экспорту жанданганы себеп болгонун билдирип, кыргыз тарап эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатканын кошумчалады. Казакстан бул тууралуу комментарий бере элек.

Айрым серепчилер экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр арасында түзүлгөн келишим өтөсүнө жетпей калганын айтып, биримдиктен чыгуу керектигин белгилеп жатат.

"Мындай азап мээнетиңди актабайт"

Грузиялык айдоочу Евгений Чүйдүн Александровка айылынан жүктөгөн быйылкы картөшкөнү чек арадан алып өтүү үчүн эки суткадан бери кезек күтүп турганын айтты. Ал товарды текшерген тараптын иши жай жүрүп жатканына нааразы.

Евгений Оренбургга алып бараткан картөшкө Кыргызстанда өндүрүлгөн. Орусиянын бул шаарына Евгений төрт күндө жетет.
Евгений Оренбургга алып бараткан картөшкө Кыргызстанда өндүрүлгөн. Орусиянын бул шаарына Евгений төрт күндө жетет.

"Ушу картөшкө менен жылбай турганыма эки сутка болду. Түндөсү бул жерде башаламандык күч алат, автоунааларды каалагандар кезексиз өткөрүп атышат. Быйыл үчүнчү жолу чек арадан өтүп атам, ар бир келген сайын кезегим келбей убара тартам. Бул быйылкы картөшкөнүн түшүмү, мен аны Оренбургга жеткиришим керек. Товар бузулбасын деп муздаткыч иштетем, тамак-аш жейм, ал деле оңой чыгым эмес. Эгер товарым бузулуп кетсе, чоң зыян тартам. Болду, ишетебейин деп чечтим, мындай азап мээнетиңди актабайт. Мисалы, азыр чек арага жеткенде казак тарапта 1,5 саат турабыз, кыргыздар бат кое берет".

Жыл башындагы үч ай аралыгында Кыргызстан коңшу өлкөгө 37 млрд. сомго товар экспорттогон, анын 8 млрд. сомго жакыны айыл чарба продукциясы болуп саналат. Кыргызстанда өндүрүлгөн дээрлик бардык товар Казакстан аркылуу чыгарылат.

"Ак-Тилек" чек ара бекетинде төрт суткадан бери кезекте турган грузин айдоочусу Кахабер Чантурия Канттан 6,5 тонна бал жүктөгөн экен.

Кахабер Чантурия.
Кахабер Чантурия.

"Айдоочуларга убал болду. Суубуз, тамак-ашыбыз түгөнүп баратат. Кыргыздар улам келип, ысык тамак таратып кетип жатканына ыраазыбыз. Ээн талаада дараткана да жок. Мен келгенде кезек 13 чакырым болчу, кечке чейин дагы турабыз го. Канттан жүктөгөн балды Америкага деп алып баратам. Казакстанга кирсем андан Азербайжанга Каспий аркылуу жетип, андан Грузияга жеткирем. Анан ал жактан Америкага алып кеттишет. Ысыкта чек арада кезек күтүп туруш оор".

Айыл чарба продукциясынан сырткары кыргыз-казак чек арасы аркылуу Орусияга жеңил унаа ташыгандардын саны көбөйдү. Машине ташып иштеген Байыш Халбаев кымбат машинелерди ээсине аман-эсен жеткирсем деп бушайман.

Байыш Халбаев
Байыш Халбаев

"Мен ушуну менен мешинелерди экинчи ирет ташып баратам. Бул Кыргызстандан алынган, ээлери Орусияда деп балдар жүктөп берип атат. Ошону жеткирип бермей менин жумушум. Мына, үч машинени Оренбургга алып барат, анын алдында Москвага жеткиргем. Эгер кайра келгенде дагы жүктөп беришсе, кайра эле кете берем. Орусияга Европадан машине чыкпай калгандан улам мында тургандардын кыйласы ушундай унаа жүктөп кетип атат".

"Кең-Булуңдагы" абал деле кудум ушундай. Айдоочулар жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөрдүн көмөгүнө муктаж экенин айтышты. Маселен, түн ичинде автоунааларды кезексиз өткөрүү күчөйт деп даттанышты.

"Маселе Казакстан тарапта"

"Кең Булук авто жол" өткөрүү жайы аркылуу бош унаалар өтөт. 7-июнь, 2023-жыл
"Кең Булук авто жол" өткөрүү жайы аркылуу бош унаалар өтөт. 7-июнь, 2023-жыл

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул убактылуу көрүнүш экенин жана жылда катталып келерин белгилеп, маселе казак тарапта дейт.

"Ак-Тилек" өткөрмө бекетиндеги автоунаа тыгыны айыл чарба продукциясын экспорттоо күч алганына байланыштуу. Ал эми "Кең-Булуң" аркылуу болсо жүгү жок чоң унаалар өтөт. Бирок узун кезек күндө жарала бербейт. Азыркы тапта кыргыз тарап эч тоскоолдуксуз өткөрүүдө".

Казакстан тарап азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бекеттердеги узун кезек боюнча маселе чечилип жатканын билдирди. Ал тез бузулуп кетүүчү сүт азыктарын, мөмө-жемиштерди кезексиз өткөрүү тууралуу эки тараптуу келишим азыр ишке ашып жатканын айтты.

"Эгер бул күнгө чейин саатына 5-6 унаа өтүп аткан болсо, азыркы тапта бир саатта 18 оор жук ташуучу унаа өтүүдө. Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Чек арада товар ташууда эч кандай маселе жаралбашы үчүн бүт аракеттер көрүлүүдө. Азыр "жашыл коридор" бар, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер көзөмөлдөп атат. Навигациялык пломбаларды киргизүү тууралуу келишимдерди да түзүүдөбүз".

ЕАЭБге айтылган сын

Кыргыз-казак чек арасындагы мындай акыбал кыйла жылдан бери уланып келүүдө. Буга чейин Казакстандын кирешелер боюнча мамлекеттик комитети кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүлөр аткезчилик жол менен өтчү товарлардын алдын алуу максатында жүрүп жатканын билдиргени бар. Кыргыз тараптан муну экономикалык кысым катары кабыл алган. Бирок ЕАЭБге жүк өткөрүүдө көмүскө схема болуп жатканын да моюнга алып, аны жок кылуу үчүн өкмөт болгон күч-аракетин жумшап жатканын билдирген.

Ошол эле маалда коомчулукта эки өлкө мүчө болгон Евразия экономикалык биримдигине карата сын-пикирлерди күчөтүп келет.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы ага Кыргызстан менен Армения кошулган. Анда башкы артыкчылык бул өлкөлөр арасында бажы жана чек арада тоскоолдуктар болбой турганы айтылган. Бирок биримдик түпкү кызматын аткарбай калганын айрым адистер сындап келет. Саясат талдоочу Руслан Акматбек биримдик бир эле өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иш алып барат деп эсептейт.

"Бажы биримдиги ошону түзгөн Орусиянын эле кызыкчылыгын көздөйт. Алар соода аймагын кеңейтүү үчүн эле бул биримдикти колдонуп келет. Биримдиктин ичинде кызматташуу дээрлик мүмкүн эмес, себеби биздин мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү ишкерлердин кызыкчылыгын коргобойт. Ошол эле казактар, орустар менен түз отуруп сүйлөшүп, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого жете алган жок. Бул интеграциялык процессте биздин үнүбүз дээрлик чыкпайт. Бажы биримдигинен чыкмак турсун башынан эле кирбеш керек эле".

ЕАЭБ түзүлгөндөн бери анын Орусиядан башка бардык мүчөлөрү ар кайсы платформаларда өз дооматтарын айтып келишет. Маселен. Астана адатта уюм ичиндеги тышкы соодага чектөөлөргө, техникалык регламентке, бажы алымдарынын үлүшүнө, тарифтик саясатка жана башка нерселерге карата нааразы болуп жүргөнү белгилүү. Кыргызстан да барьерлер жана чектөөлөр тууралуу көп эле маселе көтөргөн.

Өткөн жылы 26-майдагы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкектеги расмий сапарында тараптар жүк өткөрүүнү жеңилдетүүнү да макулдашкан. Казак президенти "чек арадагы ашкере текшерүүлөрдү азайтып, жүктөрдү тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча долбоор башталып, шарттар түзүлүп жатканын" айтканы белгилүү.

Ушу тапта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды. Жапаров "Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда" темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат деп кабарланды. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү айтылды.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочиде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Анда эркин сооданы мындан ары өнүктүрүү, Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу, интеграцияланган маалыматтык система жана санариптик күн тартиби, Биримдиктин электрондук рыногу сыяктуу 10 тармактын маселелери каралган.

XS
SM
MD
LG