Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

"Чочко этин кошпойбуз". "Тойбосс" Орусиянын дооматын четке какты


"Тойбосс" Орусиянын дооматын четке какты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

Орусиянын Россельхознадзор мекемеси кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалады. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” компаниясы дооматты четке кагууда. Россельхознадзор буга чейин кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатат.

Россельхознадзор же Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы 7-апрелдеги расмий билдирүүсүндө Кыргызстандан экспорттолгон продукцияда талаптар одоно бузулганын белгилеген.

Ошондой эле Орусияга мал чарба азыктарын экспорттоодо Кыргызстандын компетенттүү мекемелеринин ветеринардык көзөмөлү жетишсиз деп эсептейт.

"Россельхознадзордун адистери Кыргызстандан киргизилген халал колбасадан курамында көрсөтүлбөгөн чочконун этин жана соя табышты. Бирок Кыргызстандын Чүй облусундагы өндүрүүчү компания өзүн "Халал" стандарттарын так сактоо менен эт азыктарын даярдаган ишкана катары көрсөтөт", -деп жазылган Россельхознадзордун сайтында.

Бул маалымат Кыргызстанда кызуу талкуу жаратты. Көп өтпөй кеп "Тойбосс" деген ат менен адал колбасаларын чыгарган “Адал Азык” компаниясы тууралуу болуп жатканы белгилүү болду. Маалыматка караганда, чочконун ДНКсы Рубцовск шаарына жеткирилген колбасадан табылган.

Мырзабек Орумбаев, "Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору
Мырзабек Орумбаев, "Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору

"Биздин продукция алгач Москва же Новосибирскиге жеткирилип, андан ары Орусиянын башка шаарларына тарайт. Орусия абдан чоң өлкө болгондуктан, жогоруда аталган шаарлардан башка аймактарга биздин азыктар кандай шартта жеткирилип жатканы өтө маанилүү. Бирок биз ага жооп бере албайбыз, ага мүмкүнчүлүгүбүз дагы жок. Балким, товар экспорттоодо талаптар бузулган, мисалы, адал азыктары адал эмес азыктар менен аралашып кеткен. Өзүбүз тараптан биздин колбасага чочко эти кошулбайт деп 100 пайыздык кепилдик бере алабыз", - деди "Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мырзабек Орумбаев.

Кыргызстандын Ветеринардык кызматы "Тойбосс" колбасаларын текшере баштады.

Кыргыз тарап көз карандысыз текшерүү жүргүзүү үчүн Орусиядан чочко эти менен соя табылды деген колбасанын үлгүсүн да сураганы белгилүү болду.

"Тойбосс" колбасаларын өндүргөн “Адал Азык” компаниясынын курамындагы үч өндүрүштө Кыргызстан боюнча 900дөй адам иштейт. Өлкөдөгү эт азыктарын чыгарган ири компания өз продукцияларын эки жыл мурда Орусияга экспорттой баштаган. Андан бери экспорттун көлөмү үч эсе көбөйүп, быйыл үч айда эле Орусиянын аймагына 140 тоннадан ашык продукция жөнөтүлгөн.

Мындан улам Агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча ассоциациянын башчысы Рустам Балтабаев соңку окуяны атаандаштыктан жаралган "кара пиар" болушу ыктымал экенин айтты. Орусия өзүнүн өндүрүшүн коргоп жатышы толук мүмкүн дейт ал.

Рустам Балтабаев, Агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча ассоциациянын башчысы
Рустам Балтабаев, Агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча ассоциациянын башчысы

"Бул маалымат атайылап Орозо айында, жума күнү чыгарылгандай туюлат. Анткени алдыдагы дем алышта мамлекеттик мекемелер иштебейт. Социалдык тармактарда кызуу талкуу уланып жатты. Дүйшөмбүдө гана Кыргызстандын Ветеринардык кызматына Россельхознадзордон расмий кагаз келип, окуянын чоо-жайы такталды. Мында "кир атаандаштыктын" элементтери байкалат. Ошондой эле чочконун эти табылган колбаса - контрафакт-продукция болушу да мүмкүн. Бул ЕАЭБ алкагында өтө чоң көйгөй. Мисалы, "Тойбосс" колбасасы деген этикетка чапталганы менен, ал такыр башка ишкананын азыгы болуп калышы да ыктымал".

Ошентсе да азык-түлүктөрдүн сапаты жана аларды даярдоо шарттары тууралуу эки ача пикир айтылып келет. Мисалы, "адал" деген ат менен чыгарылып жаткан азыктардын баары эле адал стандарттарынын талаптарына жооп бербейт деген даттануулар буга чейин да өлкө аймагында айтылып келген.

Кыргызстанда "адал" сертификаты ыктыярдуу түрдө алынат. Аны мамлекеттик жана жеке компаниялар берет. Мамлекеттик сертификатты Экономика министрлигинин алдындагы "Кыргызстандарт" мекемеси менен муфтият биргеликте ыйгарат.

"Кыргызстандарттын" директору Болотбек Нурматов "адал" сертификатын алам деген компанияга тиешелүү талаптарды атап берди.

"Эң биринчи эле компания мыйзамдуу иштеп, мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн текшеребиз. Тамак-аш өндүргөн мекемеде санитардык талаптар сакталышы абзел, мындан тышкары өндүрүлгөн продукция ар тараптуу сыноолордон өтөт. Бул протоколду Ветеринардык кызмат ыйгарат жана аталган мекеме ошол эле колбасанын курамын лабораториялык изилдөөлөр аркылуу текшерип чыгат. Ар бир товарда сөзсүз маркировкалоо болушу керек. Мисалы, Кыргызстанда сатылып жаткан товардын сыртында кыргыз тилинде анын курамы, көлөмү, жарактуу мөөнөтү өңдүү маалымат камтылат. Эгер эт жөнүндө сөз болуп жатса, анда эттин курамын тыкыр текшерип, керектөөчүнүн ден соолугуна терс таасир берчү заттардын бар-жогу атайын лабораториядан аныкталат. Ал эми муфтият өндүрүштөгү шарттар шарият талаптарына жооп беришин карайт".

Ушу тапта "Кыргызстандарттан" "адал сертификатын" алган 62 компания бар. Жеке компаниялардан дагы 100дөй ишкана ушундай эле мүнөздөгү сертификат алган. Алардын 90% продукциясын сыртка чыгарат. Расмий маалыматта, былтыр Кыргызстандан 2,5 миң тонна эт азыктары Орусия менен Казакстанга сатылган. 2019-жылы бул көрсөткүч дээрлик эки эсе аз болчу.

Эске салсак, 16-февралдан тарта Кыргызстандын балык чарбаларына Орусияга балык экспорттоого тыюу салынган. Буга Орусиянын тиешелүү мекемеси Кыргызстандан импорттолгон балыктардан зыяндуу заттар табылып жатканын негиз катары көрсөткөн. Кыргызстандын ветеринардык кызматы кабарлагандай, орусиялык ветеринарлар балык чарбаларды текшергенден кийин экспорттоого кайра жол ачылат. Бирок бул жараян качан аяктары алигиче айтыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG