Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Беларус бажысы Кыргызстанга өткөрбөй жаткан автоунаалар


Беларус чек арасы. Иллюстрация
Беларус чек арасы. Иллюстрация

АКШ жана Европадан Кыргызстанга унаа ташып иштеген ишкерлер 500дөн ашык унаа Беларустун бажысынан өтө албай турганын айтып чыгышты. Аларга чек арадан өткөрбөй жатканы боюнча беларус бажысы расмий түшүндүрмө бербей эле унаа токтотуучу жайга киргизип коюшкан. Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу түшүндүрмө берип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

31-мартта Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Беларустун Бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен телефондон сүйлөштү. Алар Кыргызстанга ташылган автоунаалардын беларус бажысында кармалып турушуна байланыштуу маселени чечүүнү талкуулашканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда "тараптар топтолгон автотранспортторду өткөрүүнү тездетүү боюнча" сүйлөшкөнү айтылат.

"Кандай мыйзам же талап бузулганын билгибиз келет"

29-мартта АКШ, Европадан машина ташып иштеген ишкерлер Беларуста жүздөгөн унаалары кармалып турганын айтып чыгышты. Алардын бири Данияр Салякаевдин бир тралга жүктөлгөн 8 унаасы Беларустун чек арасынан өтпөй, унаа токтотуучу жайда турат. Ал жерде Кыргызстанга ташылып келаткан жалпысынан 500дөй автоунаа турганын айтты.

“Беларустун чек арасына өткөндө автоунааны беларустук чек арачылар эч кандай документтерди толтурбай туруп эле унаа токтотуучу жайга токтотуп коюшкан. Айдоочу бир айдай Беларуста жашап, унааларды чыгарып кетүү үчүн колунан келген аракеттерди кылды. Ал чек ара кызматынан алгылыктуу жооп алганга аракет кылып, кийин кеңседен күч менен чыгарышканга чейин барышты. Биз алдыда дагы кайталанбашы үчүн кандай мыйзам же талап бузулганын билип алгыбыз келет. Азырынча беларус тараптан бир жооп боло элек”.

Салякаев бул көйгөй соңку үч айдан бери чечилбей турганын айтты. Бажычылар аларга документтер текшерилерин оозеки түрүндө гана айтышып, машинелер кармалып турган токтоочу жайлар тууралуу квитанциядан башка эч кандай кагаз беришкен эмес.

Унааларды чет өлкөдөн ташып келүү кызматын көрсөткөн ишкер Карим Кадыржанов беларустук бажычылар улам жаңы талаптарды коюп жатканын айтты.

“Алар унааларды кармаганы боюнча акт түзүшкөн жок. Бул мыйзамсыз жана кандай себеп менен кармаганын билбегенден кийин эч кайсы жерге арыздана албайсың. Алар унааны жөнөткөн тарап – Германиядан, кийин алуучу жактан маалымат сурашты. Кийин бизден экспорттук декларацияны сурап, ушуну менен силерди бошотобуз дешкен. Биз аны берсек, бул документ Литванын бажы кызматынын мөөрү менен болушу керек дешти. Литванын бажысы мөөр койбойт экен, ордуна QR код колдонушат. Биз алардан өтүнүп жатып декларацияга мөөр койдуруп, беларустук бажычыларга алып келдик. Андан кийин бизди үйгө кете бергиле, биз уруксат берилгенде силерге кабар беребиз дешти. Андан бери үч айга жакын убакыт өттү. Унаа токтотуучу жай үчүн аптасына 500 доллар төлөйбүз. Дагы жарым жыл өтсө тралды унаалар менен кошо жайдын ижара акысы катары калтырып коюшубуз керек болуп калат”.

"Наркы бир кыйла төмөн деп бааланганы себеп"

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча 29-мартта түшүндүрмө берди. Анда айтылгандай, Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин кызматкери 1-февралда элчиликтин кызматкери Минск аймактык бажы кызматына барганда, тралдар ЕАЭБдин бажы аймагына киргизилген товар катары кошумча текшерүүгө алынары белгилүү болгон. Министрлик бул кырдаалды териштирүү максатында Кыргызстандын тиешелүү органдарына да маалымат жөнөткөнүн билдирди.

“Элчиликтин демилгеси менен 15-февралда элчи менен Беларустун Бажы комитетинин төрагасы ортосунда жолугушуу өттү. Жолугушуунун темасы автотралдардын кармалып турушу болгон. Кошумча текшерүүлөрдү өткөрүүгө коштомо документтерде ташылган транспорт каражаттарынын наркынын бир кыйла төмөн деп бааланганы себеп болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Министрлик эки өлкөнүн бажы кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде да сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. Ал арада 30-мартта Бажы кызматынын башчысынын орун басары Улан Кимсанов Беларуста кармалып турган автоунааларды ташуучу ишкерлер менен жолугушту.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кимсанов ишкерлерге бул маселени чечүү боюнча беларус тарап менен байланышта экенин билдирген.

"Видеоконференция жана телефон аркылуу беларус бажы кызматы менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда биз Беларуста кармалып турган Кыргызстанга багытталган автоунаалар боюнча маселени тез арада чечүүнү сүйлөштүк".

ЕАЭБде мыйзам иштейби?

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр Кыргызстанга 41 миң 237 даана жеңил унаа импорттолсо, алардын эң көбү, 10 миң 604ү Түштүк Кореядан ташылып келген. Европа өлкөлөрүнөн жана АКШ, Канаданы кошкондо 16 миңден ашык унаа алып келинген.

Унаа ташуучулардын айтымында, мындай жапырт токтотуу алгачкы жолу болуп жатат.

Кыргызстан менен Беларус Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү.Бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлар эркин жүгүртүлүшүнө шарт түзүлүшү керек. Бирок ЕАЭБ шарттарына ылайык, Кыргызстанга биримдиктен башка өлкөлөрдөн автоунаа алып кирүүнүн салыгы кымбаттап, ал эми оң рулдуу машинелерге таптакыр тыюу салынган. Сырттан ташылып кирген автоунааларга чыккан жылына жана кыймылдаткыч күчүнө карата бажы төлөмү алынат.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бул көрүнүш ЕАЭБде мыйзам иштебегенин көрсөткүчү дейт.

“2018-2019-жылдары Орусия Украинадан келе жаткан товарларды өткөрчү эмес. Бирок алар алдын ала жарлык чыгарып, кабар берилчү. Ишкерлер да мындан кабардар болуп турушчу. Мындай белгисиз шартта товарларды өткөрбөй жатканы эл аралык да, ЕАЭБдин да мыйзамдарына каршы келет. Беларус болгону транзиттик өлкө да. Бул мыйзамсыз, эми бийлик муну далилдеп, ишкерлердин укугун коргоп бериши керек. Бул ЕАЭСтин мыйзамы иштебейт деген эле көрсөткүч”.

АКШ, Европа өлкөлөрүнөн автоунаалар Кыргызстанга алгач Литва, андан Беларус аркылуу алып келинет. Мындан тышкары, Абхазиядан Орусияга, андан кийин Кыргызстанга алып келинген автоунаалар бар. Бир жыл мурдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанга Абхазиядан болжол менен жети миңден ашуун машине кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG