Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:36

"Бир күндүк фирмаларды ачышат". КМШдагы санкциядан буйтаган жолдор


Майнц шаарында (Германия) жыл сайын өткөрүлүүчү карнавалдагы Орусиянын президенти Владимир Путин менен Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйендин тулкулары. 2023-жыл, февраль
Майнц шаарында (Германия) жыл сайын өткөрүлүүчү карнавалдагы Орусиянын президенти Владимир Путин менен Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйендин тулкулары. 2023-жыл, февраль

Украиналык баланы өлтүргөн ажал-ракетада колдонулуучу ар бир микрочип – бул накта алаамат. Батыштагы бир да чынчыл ишкер муну төгүндөй албайт. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жүргүзгөн бизнесин жана кадыр-баркын сактагысы келген ишканалар Орусияга да, КМШга же ЕАЭБге да товарларды кош багыттуу нукта жөнөтпөйт.

Ошого карабай, басма сөздө Германиядагы фирмалардын экспортту үчүнчү өлкөлөргө буруу менен санкцияны буйтап жатканы жөнүндө маалыматтар чыгууда. Бул кандайча ишке ашып жатат? Ага бөгөт коюу мүмкүнбү? “Азаттыктын” орус кызматы ушул суроону иликтеди.

Иш жүзүндө каякка жөнөтүлөт?

Жакында Spiegel журналы Штутгарттагы Украинада согуш башталгандан кийин Орусиядан журт которуп келген үй-бүлө негиздеген Elix-St. GmbH фирмасы жөнүндө маалыматты жарыялады.

Бул фирма Казакстанды микроэлектроника менен камсыз кылчу. Ортодогу экспортчулар аркылуу товарлар Орусиянын атайын кызматтары менен иштешкени айтылып келген Москвадагы Elix-M ишканасынын баш кеңсесине жеткирилип турчу.

Басылмага норвегиялык консультант ишкер Эрленд Болльман Бьортведт берген маалыматтарга ылайык, кеминде 54 немис фирмасы Орусияга каршы санкцияларды бузууга катышууда.

Алардын катарында Хаген шаарындагы Bechem күйүүчү май компаниясы бар. Эки фирма тең Казакстанга жеткирүүдөн анча көп пайда көргөн жок: "Эликс" 800 миң, "Бехем" 670 миң евро тапкан. Бирок үчүнчү өлкөлөр аркылуу товар ташып, санкция режимин бузуп салган бул фактыны төгүндөөгө болбойт.

Spiegel аскердик техниканы өндүрүүдө колдонула турган полимерлерди жана полиамиддерди Казакстан аркылуу ташып жүргөн деп болжолдонгон BASF концерни да санкцияларды буйтап келген болушу ыктымал деген пикирде.

“Азаттык” радиосунун суроосуна ишкананын өкүлү журналисттик иликтөөдө колдонулган жеке Genius маалымат базасынан алынган көрсөткүчтөр концерндин өзүндөгү маалыматтарга дал келбейт деп жооп берди.

Статистикадагы бул айырмачылык Украинада чоң согуш башталгандан кийин чөлкөмдөгү жеткирүү жолдору өзгөрүлгөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Компания санкциялардын толук аткарылышын кепилдеген ички көзөмөл механизмдери бар дейт.

Spiegel бул жерде Орусиянын чек арасы аркылуу жүк ташылганына эч кандай далил жок деп жазат. Кандай болсо дагы, “Азаттык” радиосу буга чейин BASFтин орус армиясы менен байланышкан кардарларга жеткириле турган күйүүчү май өндүрүшүнө катышы бар экени жөнүндө кабарлаган.

“Немис өнөр жайы” бирлиги жана анын “Чыгыш комитети” бөлүмү санкциялардын бузулушуна каршы күрөшүү үчүн 10 пункттан турган тизмени сунуш кылды.

“Чыгыш комитетинин” менеджери Михаэл Хармс “Азаттык” радиосуна жогорудагыдай бүтүмдөр Германиянын экспортунун аз эле бөлүгүн түзөрүн жана статистикалык мүчүлүштүк деңгээлинен ашпайт турганын түшүндүрдү.

”Мен Германиянын ишканалары санкцияларды аң-сезимдүү түрдө буйтап жатат дегенге кошулбайм”, – деди Хармс. Бир жагынан, ишканалар өз аброюна шек келтирүүдөн коркот, анткени санкцияларды тоготпой коюу кылмыш болуп саналат. Экинчи жагынан, Германиянын фирмалары мыйзамсыз бүтүмдөргө жол бербегидей ички текшерүү жана өздүк жоопкерчилик тутумун түзгөн.

Германиянын ишканалары санкцияларды атайылап буйтап өтүүдө деген туура эмес.

Бирок эксперттер өздөрүнүкүнөн тышкары Германиянын жарандыгын да алган орусиялыктар жана КМШ өлкөлөрүнөн баргандар санкцияларга дуушар болгон товарларды негизинен Казакстан, Армения жана Кыргызстан аркылуу экспорттоо үчүн бул постсоветтик өлкөлөрдө бир күндүк фирмаларды түзө калат деп эсептешет.

“Орусиянын ишканалары санкциялардан буйтоо үчүн эл аралык тармак түзүп жаткандыгын байкап жатабыз. Орусиядагы жана башка өлкөлөрдөгү ортодогу соода компаниялары аркылуу алар Орусияга санкциялар менен товарларды ташып жатат”, - Михаэль Хармс.

Чындыгында, статистика Европа Биримдигинен КМШ өлкөлөрүнө экспорттун көбөйгөнүн көрсөтүп турат. Мүнхендеги ifo экономикалык изилдөө институтунун эксперти Феодора Тети “Азаттык” радиосуна 2022-жылдын март айынан декабрь айына чейин санкциядагы товарларды экспорттоо көлөмү 1,4 эсеге көбөйгөнүн айтты. Эксперт кыска убакыт ичинде бул өлкөлөрдө суроо-талаптын жогорулашы күмөн деп эсептейт.

“Демек, санкциялар бузулуп жатат деп күмөн саноого болот: немис ишканалары өздөрү чыгарган өнүмдү КМШ өлкөлөрүнө экспорттойт, андан ары товарлар Орусияга жеткирилип, керектелет”, – деп чечмеледи Тети.

Былтыркы жана быйылкы жылдын биринчи чейрегиндеги статистиканы салыштырганда, Арменияга экспорт дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн көрсө болот, Казакстанга эки эсе, Кыргызстанга 10 эседен ашып кеткен! Бирок, абсолюттук мааниде алганда, бул өлкөлөргө жасалып жаткан экспорттун көлөмү өтө эле аз деп баса белгилейт “Чыгыш Комитетинин” өкүлү.

Орусияга экспорттун кыскарышынан келтирилип жаткан чыгымга салыштырмалуу, бул кенемте анча чоң роль ойнобойт. “Немис өнөр жайы” бирлигинин отчётунда дагы бир жагдай белгиленген: Орусия аркылуу буга чейин КМШнын башка өлкөлөрүнө товар өткөрүлүп турган. Украинадагы чоң согуш башталып, Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Германиянын экспорту бул мамлекеттерге түз бара баштады. Мурда Ереванга товар экспорттогондо жеткириле турган өлкө деп Орусияны көрсөткөн фирма азыр бажы документтерине “Армения” деп эле жазат.

“Путиндин Германиядагы капчыктарын жаап салгыла”. Германиянын канцлери Олаф Шольцтун Украинага болгон иш сапарына карата Киевдеги нааразылык митинги
“Путиндин Германиядагы капчыктарын жаап салгыла”. Германиянын канцлери Олаф Шольцтун Украинага болгон иш сапарына карата Киевдеги нааразылык митинги

Германиянын өнөр жайы Орусияга каршы санкцияларга байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө кыйыр зыян келтирип алуудан сактанганы оң. Ошондуктан лоббисттер Армения жана Казакстанга орустар көп кетип жаткан шартта бул өлкөлөр менен эки тараптуу соода жүргүзүүнүн мааниси жогорулаганын айтышат.

Орус базарынан чыккандан кийин, Германиянын ишканалары сатуу чөйрөсүн кеңейтүүгө муктаж.

Мурда Орусияга жиберилип турган товарлар эми КМШнын башка өлкөлөрүнө жөнөтүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, Казакстан жана Армения, санкция талаптарын сактоо менен, кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошентип, 1-апрелден тартып Казакстан товар агымын көзөмөлдөө үчүн жаңы бажы тутумун киргизди.

Кыязы, Германия жана Европа Биримдиги ЕАЭБ мамлекеттери үчүн артыкчылыктуу өнөктөш бойдон калууда, ал жакта болсо санкциялардан буйтаган көз боёмочулукту эч ким жактырбайт.

Анткен менен, мындай айланма жол бар. Бундестагдагы Христиан Демократиялык Бирлиги (ХДБ) фракциясынын эксперти Родерих Кизеветтер “Азаттык” радиосуна айткандай, Орусия Кытай жана Бириккен Араб Эмираттары аркылуу альтернативдүү жолдорду колдонот, ошондой эле жарым өткөргүчтөрдү жана кош багыттуу товарларды ошол эле Казакстан жана Армения аркылуу импорттоп турат. Мында, албетте, Кытай жана Гонконг негизги ролду ойнойт.

Оппозициялык саясатчы Европа Биримдигиндеги санкциялардан буйтоого мүмкүн болгон жолдорду бекем тосуп коё албайт деп белгиледи. Анын ою боюнча, маселе Европа Биримдигине мүчө ар бир мамлекеттин деңгээлинде чечилиши керек. “Немис өнөр жайы” бирлиги маселе эмбаргого өтө аз өлкөлөр кошулганында дейт: дүйнөлүк экономиканын 60 пайызы жана дүйнө калкынын 75 пайызы Орусияга каршы санкцияларга катышпай келет.

Кимди жазалоо керек?

Эксперттер санкциялык топтомдордун кемчилигин түшүнүксүз, бүдөмүк жана кээде чаржайыт жол-жоболор ишканалардын иш-аракетин кыйындатып жатканынан көрүүдө.

Мындан тышкары, ортодогу экспортчулардын чубалжыган тизимине карап, товарлардын акыркы керектөөчүсү ким болорун аныктоо мүмкүн эмес дейт ifo институтунун экономисти Феодора Тети.

Бул кыянаттыкка жол ачат. Ишканалар өздөрү өндүргөн тетик кайсы өлкөдө жана кандай жабдууга салынарын текшере албайт. Көптөгөн ортомчу фирмалар аркылуу акыркы керектөөчүгө сатылуучу курал-жарак тутумунун бир бөлүгү да ушундай болот. Мисалы, бир тетикке немис ишканасынын аты жазылат, ал бир нече жылдан кийин мыйзамсыз сатуучулар аркылуу башка максаттарга, мисалы, Украинанын шаарларын кыйраткан учкучсуз аппараттарга колдонуларын билбейт.

Бул сөзсүз эле алдамчылык эмес, болгону ишканалар санкциянын бошоӊ жактарын эпчилдик менен пайдаланып жатат.

Товарлардын айрым категорияларына жарым-жартылай гана санкция киргизилгендиктен, ишканалар аларды кайрадан классификациялап, санкция тизмесине кирүүдөн сактанат.

“Бул сөзсүз эле алдамчылык эмес, болгону ишканалар санкциянын бошоң жактарын эпчилдик менен пайдаланып жатат”, – деди Феодора Тети.

Февраль айынын аягында Германиянын Экономика министрлиги санкциялардан айланып өтүшүнө каршы күрөшүү боюнча конкреттүү кадамдарды сунуш кылды, алар азыр Европа Комиссиясы менен биргеликте талкууланып жатат. Анын башчысы Урсула фон дер Ляйен 9-майда Киевге болгон иш сапарында Европа “санкцияларды атайылап бузган үчүнчү өлкөлөрдүн айрым товарларды экспорттоосуна да тыюу салса болмок” деди. Бирок Германиянын экономика министри Роберт Хабек Германиянын конкреттүү кадамдары жөнүндө эчтеке деген жок. Буга чейин ал “эгерде чектөөнүн бузулушу бажы көрсөткүчтөрүнөн байкалса, мисалы, мурда Орусияга жеткирилип турган товарлар кийин ошол эле көлөмдө үчүнчү өлкөгө жөнөтүлүп жатса, анда аларга көбүрөөк көз салуу керек” деген.

Партиялашы фон дер Ляйен сыяктуу эле, Родерих Кизеветтер да үчүнчү өлкөлөргө же санкцияларды бузган айрым ортомчуларга каршы санкция киргизген оң деп эсептейт. Тийиштүү чаралар биринчи кезекте Кытайга колдонулушу керек дейт. Мындан тышкары, Германия санкциядан буйтагандарды колдогон же буга такыр эле тоскоолдук кылбаган мамлекеттерге карата тийиштүү саясий, каржылык жана экономикалык жактан кысым көрсөтсө болмок. ХДБ өкүлү Беларуска, ошондой эле ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө карата кош багыттуу товарлар боюнча санкция киргизүүнү талап кылууда.

Бул кадамды ifo институтунун эксперти Феодора Тети “экстремалдык чечим” деп атады. Немис лоббисттери ага каршы чыгып жатышат. Алар айрым өлкөлөргө каршы санкция киргизүү менен менен экспорт базарынын олуттуу бөлүгүн чектеп салгандын ордуна санкциялык режимин бузган ишканалардын “кара тизмесин” түзүүнү сунушташууда. Мында үч баскычтуу эскертүү процесси жөнүндө сөз болуп жатат: адегенде ишкананы шектүүлөр тизмесине, анан алдын ала байкоо тизмесине, акыры иш-аракетин бөгөттөө тизмесине киргизүү керек дешет.

Днепрдеги (Украина) ооруканага ракеталык сокку уруунун кесепеттери. 2023-жыл, 26-май. Немис ишкерлеринин көпчүлүгү мындай кылмыштарга эч кандай катышууну каалабайт. Бирок баары эле эмес.
Днепрдеги (Украина) ооруканага ракеталык сокку уруунун кесепеттери. 2023-жыл, 26-май. Немис ишкерлеринин көпчүлүгү мындай кылмыштарга эч кандай катышууну каалабайт. Бирок баары эле эмес.

ЕБ санкцияларды бузган ишканаларды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жаңы механизмин түзүүнү пландаштырууда. Фирмалар өздөрү чыгарган өнүм кайда жөнөтүлүп жатканын билбесе дагы, алар “шалаакылык кылганы” үчүн жоопко тартылышы керек. Родерих Кизеветтер санкцияларды атайылап бузбаган, бирок анын атайылап бузулушуна тоскоолдук кылбаган фирмалар ушул беренеге ылайык жоопко тартылышы мүмкүн экендигин тактап айтты.

Ичиндеги микрочиптер кийинчерээк, мисалы, түнкү көрүү аппараттарына же ракета башкаруу элементтерине салынышы мүмкүн экенин унутуп, тиричилик техникаларын жеткирип жаткандай көрүнгөн фирмалар үчүн Феодора Тети товарлардын айрым курамдык бөлүктөрүнө эле эмес, бүтүндөй түрлөрүнө тиешелүү санкция киргизүүнү сунуштайт. Ошентип, ишканалар өздөрү чыгарган өнүмдөрдү санкциялардын тизмесине кирбеген башка соода коду менен сата алышпайт.

Ганс Дитрихке, Дитрих Петерге шылтайт

Өнөр жай лоббисттери да, оппозициядагы Бундестаг саясатчылары да ишкерлерди аң-сезимдүү болууга чакырууда.

“Немис өнөр жайы” бирлиги экспорттук көзөмөлдү ар бир ишкананын ашпозчусу жүргүзүүгө милдеттүү болушу керек дейт. Ошентип, санкцияларды бузганы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылуудан концерн башчылары өздөрү корко баштайт.

Родерих Кизеветтер өнөр жайчылардын “санкцияларга болгон сезимталдыгын күчөтүү” зарыл деп эсептейт. Саясатчы ошондой эле Германия Европа Биримдигинин ичинде бул маселе боюнча негизги ролду ойношу керек деп эсептейт.

Азыркы учурда бул мүмкүн эмес экендиги анык. Чындыгында, немистердин Ordnung (тартиптүүлүгү) жөнүндө сенек көз карашка кайчы келгендей, Германияда көзөмөл иштери координацияланбайт. Кизеветтер Германияда айрым бийлик органдарынын ыйгарым укуктары тактала электигин айтып наалыды. Экономика министрлигиби, Каржы министрлигиби, Экспорттук көзөмөл кызматыбы же Бажы башчылыгыбы – экспорт агымын көзөмөлдөө үчүн ким жоопкер экени белгисиз. Бажы маалыматтары жана соода агымдары ырааттуу талданып турбайт.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы өзү ар кайсы тармактагылар бири-бирине шылтай берерин иликтеп көрдү. Германиянын бажы өкүлү ага товарлардын үчүнчү өлкө аркылуу Орусияга экспорттолуп жатканы түшүнүктүү болгондо гана көзөмөл жүргүзүлүшү мүмкүн деди. Бирок Германиянын чек арасында аны орнотуу кыйын. Ар бир жеке ишти текшерүү үчүн экспорттук көзөмөл агенттигине кайрылышыңыз керек. Ал жердегилер өз кезегинде товарлардын агымын көзөмөлдөө үчүн бажы кызматы жооптуу экендигин белгиледи.

Экономика министрлигинен “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп кылып, Каржы министрлигине жана Экспортту көзөмөлдөө бөлүмүнө кайрылгыла дешти.
Экономика министри Роберт Хабек Даниянын бажы бөлүмү соода агымдарын талдап, ыктымал шайкешсиздиктерди текшере турган көзөмөл тутумун өздөштүрүүнү сунуш кылды. Бирок “Немис өнөр жайы” бирлиги өз отчётунда Германиянын бажы кызматы зарыл программалар менен камсыздалбай жатканын айтты. Учурдагы жабдуулардын жардамы менен Даниядагыдай “шектүү транзакцияларды так талдоо” жүргүзүү мүмкүн эмес дешет лоббисттер.

Маселени чечүү үчүн экспорттук көзөмөл бөлүмү бажы кызматына көрсөтүлө турган сертификатты колдонсо болчудай. Бирок бул иштин ашыкча бюрократиялашуусуна жана экспорттун агымынын басаңдашына алып келиши мүмкүн.

Крым аннексия болгондон бери киргизилген санкцияларды бузганы үчүн орусиялык жаранды кылмыш жоопкерчилигине тарткан бир гана мисал бар. Норвегиялык Бьортведт тарабынан аныкталган 50дөн ашуун ишкананы ким жана кантип кармайт – белгисиз.

“Экономикада “ак каргалар” (көпчүлүктөн кескин айырмаланган жактар) ар дайым болот. Акча табуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп калганда тобокел кылууга даяр турган адамдар жана фирмалар болот, санкциялардын бузулушуна толугу менен бөгөт коюу мүмкүн эмес”, – деген пикирин айтты Берлиндин Башкы прокуратурасынын өз атын жашырган өкүлү.

Көпчүлүк немис ишкерлери санкцияларды тоготпой жасалган сооданын кесепети кандай болорун билип, согуштагы кылмыштарга шерик болуп калуудан тартынат, уялат деп үмүттөнүүдөн башка арга жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG