Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Токаев Германияга казак мунайын көбүрөөк жеткирүү ниетин билдирди


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Германияга бир жылда ташылган мунайдын көлөмүн 200 миңден 1,2 млн. тоннага көтөрүүнү сунуштады.

Ал мындай жол менен Евробиримдиктин эмбаргосуна кабылган орусиялык мунайдын ордун ээлегиси келет. Токаев бул мүдөөсүн "Борбор Азия - Европа Биримдиги" саммитинде билдирди.

2023-жылдын беш айында Казакстан Германиядагы кара майды кайра иштетүүчү "Шведт" заводуна 90 миң тонна мунай жеткирген. Казакстан жыл соңуна чейин 200 миң тонна мунай жеткирүүнү көздөп жатат. Токаев бул көлөмдү эң аз дегенде алты эсеге көбөйтсө болорун белгиледи.

"Бул көрсөткүчтү жыл ичинде 1,2 млн. тоннага жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар", - деди Казакстандын президенти.

"Шведт" заводу Орусия Украинага кол салганга чейин "Роснефтиге" таандык болгон.

Казакстан Евробиримдикке мунай жеткирүүнү 2023-жылы көбөйткөн. Улуттук статистика бюросунун маалыматында, Евробиримдикке быйылкы жылдын биринчи кварталында 71% мунай экспорттолгон. Өткөн жылы бул маалдагы көрсөткүч 65% айланасында болгон.

Германиядан башка казак мунайын Италия да сатып алат. Бул өлкөгө мунай жеткирүү быйылкы жылдын биринчи кварталында жалпы экспорттун 38% түздү. Өткөн жылы көрсөткүч 28% болчу. Францияга ташылган казак мунайынын экспортунун көлөмү 5 проценттен 7%, Румынияга 4 проценттен 7% өскөн.

"Ведомости" 2023-жылы январда Германия Орусиядан 1 млн. тонна мунай алганын жазган. Эгер Казакстан көлөмдү көбөйтсө, ал орусиялык мунайды толук алмаштырышы мүмкүн.

Бирок казак мунайы Германияга Орусиянын аймагынан өткөн "Достук" кууру аркылуу жетет. Көлөмдү көбөйтүү үчүн Казакстан Орусиянын Энергетика министрлигинен уруксат алышы керек.

  • Орусиянын мунайдан түшчү кирешеси 2023-жылы январь-февраль айларында 52% кыскарган. Март айынан апрелге чейин мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2,4 триллион рублдан 3,4 трлн. рублга көбөйгөн.
  • Евробиримдик өлкөлөрү 2022-жылы декабрь айында Орусиянын мунайынын баасына атайын чек койгон. Эки жумадан кийин алар орус газынын баасына да чектөө киргизген. Жаңы эрежеге ылайык орус мунайынын бир баррели 60 долларга бааланган. Чек кирген алгачкы жумада орус мунайынын экспорту 54% түшкөн.
  • Мунай баасын чектөө Украинага басып киргени үчүн Орусияга салынган санкциянын бир бөлүгү болгон. Мындан тышкары Орусия "Ямал-Европа" жана "Түндүк агым-1" долбоорлору токтогону үчүн газын куур аркылуу алып турган европалык базарды жоготкон.
  • Орусиянын президенти Владимир Путин жооп катары баага чек койгон өлкөлөргө мунай жана мунайзаттарын жеткирүүгө тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG