Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Бишкекте курулуш материалдары сакталган кампаларда өрт чыкты


Кырсык тууралуу 9-июнга караган түнү, саат 1ден өткөндө маалымат түшкөн.
Кырсык тууралуу 9-июнга караган түнү, саат 1ден өткөндө маалымат түшкөн.

Бишкек шаарында Матросов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, курулуш материалдары сакталган кампаларда тутанган өрттү толугу менен өчүрүү уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, кырсык тууралуу 9-июнга караган түнү, саат 1ден өткөндө маалымат түшкөн. Жалпысынан он бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан жана Кризисттик кырдаалды башкаруу борборунан бирден топ барган.

"Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкта адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. Өрт таңкы саат 04:39да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 3800 чарчы метрди түзөт. Өрт өчүргүчтөрдүн ыкчам аракетинен улам ламинат курулуш материалдары, эшик, терезелер, 270 чарчы метр аянттагы кампада сакталган тазалоочу каражаттар (моющие средства) жана жакын жайгашкан кампалар сакталып калды. Ошондой эле Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын өкүлдөрү 22 кислород баллону, 5 пропан толтурулган баллонду ыкчам чыгарып, жарылып кетүү коркунучу жоюлду”,-деп билдирди ӨКМ.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. Кырсыктарда 31 адам куткарылып, 52 млрд. сомдук мүлк сакталып калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG