Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

Күн ысыкта жүк ташыган машинелердин каттамы чектелет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-июндан 1-сентябрга чейин жүк ташыган машиналарга күн ысыкта жолго чыгуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

"Чектөөгө ылайык, саат 10:00дөн саат 20:00гө чейин, абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгондо көлөмү 18 тоннадан ашкан жүк ташыган машиналарга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүшүнө убактылуу тыюу салынат. Урматтуу айдоочулар, салынган жолдордун талкаланышына жол бербейли",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин күн ысыган маалда асфальт ээрип, жүк ташыган оор машиналар жолду бузуп жатканы тууралуу нааразылыктар айтылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG