Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Жогорку Кеңеш шейх Нахаяндын атын №354 мөңгүгө берүүнү жактырды


Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн бири, иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн бири, иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 8-июнда Ысык-Көлдүн тескейиндеги Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) шейхи Заид бин Султан Аль Нахаяндын ысымын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ каралып жаткан маалда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров баштаган бир катар депутаттар мөңгүлөргө Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын аты ыйгарылбай, чет өлкөлүк лидерлердин ысымы берилип жатканын сындады.

Былтыр ноябрда президент Садыр Жапаров бул мөңгүгө шейх Аль-Нахаяндын ысымын берүү тууралуу чечим кабыл алган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына мындай чечим эки өлкөнүн алака-катышын чыңдоо максатында кабыл алынганын билдирген.

"Чечим кыргыз-эмират достугунун чыңдалышын белгилөө, шейх бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюуга жана өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуу менен кабыл алынган. БАЭ президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайян эмират элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, бул демилгени жогору бааларын белгиледи",-деп жазган Султанбаев.

2021-жылы "Азаттыктын" журналисттери Кумтөр алтын кенине жакын жайгашкан 354-мөңгүгө чыгып, муз катмары кантип азайып баратканын тартып келген.

Климат: 50 жылда майда мөңгүлөр жоголот
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:40 0:00

Буга чейин Бишкек шаарындагы Максим Горький көчөсүн шейх Заид бин Султан Аль Нахаян көчөсү деп өзгөртүү маселеси көтөрүлгөнү белгилүү болгон. Ушул жылдын апрель айында шаардык башкы архитектура мекемесинин басма сөз кызматы бул маселени тиешелүү органдар талкуулап жатканын маалымдаган.

Заид ибн Султан Аль Нахайян– Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти (1971-2004), Абу-Дабинин 17-эмири (1966-2004).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG