Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

“Росатом” Кыргызстанда чакан атомдук станция куруу долбоорун даярдап жатат


Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы.
Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 8-июнда Сочиде Орусиянын “Росатом” корпорациясынын башчысы Алексей Лихачев менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда тараптар алака-катыштын бардык маселелерин, анын ичинде уран калдыктарын рекультивациялоону, аз кубаттуу атомдук электр станцияларын куруу жана өзөктүк медицинаны талкуулаганын кабарлады.

“Акылбек Жапаров калдык сактоочу жайлар көйгөйүн республикалык жана аймактык деңгээлде комплекстүү чечүүгө багытталган иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи. Лихачев Кыргызстандын аймагында чакан атомдук электр станциясын куруу долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Кызматташтыктын бул багыты тууралуу консультацияларды улантуу макулдашылды”, - деп жазылган маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен “Росатомдун” ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Документке ылайык, Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында онкологиялык жана башка ооруларды аныктоонун, дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары колдонулган радиофармацевтикалык дарыкана жана молекулярдык визуализация борбору түзүлөт.

Былтыр ноябрда Энергетика министрлиги жана “Росатом” кол койгон документке ылайык, орусиялык ишкана Кыргызстандын аймагында курулуучу чакан атомдук станциянын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдай турганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу коомчулукта сын-доомат айтылган, талаш-талкуу чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG