Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Ташкент: «Ильхомдун» артисттери камактагы орусиялык драматургдун пьесасын аткарышты


«Ильхом» театры. Ташкент, 8-июнь, 2023-жыл.
«Ильхом» театры. Ташкент, 8-июнь, 2023-жыл.

Ташкенттеги «Ильхом» театрынын артисттери орусиялык драматург Светлана Петричуктун «Финист Ясный Сокол» пьесасын сахнадан окушту. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, режиссер Максим Фадеев оюнду Петричук жана режиссер Евгения Берковичке тилектештик иретинде койду. Алар 5-майда Москвадагы Замоскворецк райондук сотунун чечими менен «терроризмди актоо» беренеси менен эки айга камалган.

Кылмыш ишин козгоого сөз болгон спектаклдин үстүнөн эки жыл мурун жазылган арыз негиз болгон. Пьесада Орусиядан Сирияга «согушкер күйөөлөрүн» ээрчип кеткен аялдар тууралуу баяндалат.

2021-жылы Москвада биринчи жолу коюлган оюн Орусиянын Театрлар фестивалинде эки ирет «Алтын маска» сыйлыгын алган.

«Ильхомдо» пьеса бир эле жолу коюлду. Алматыдагы АРТиШОК театры Петричук бошотулмайынча анын пьесаларын айына бир жолу сахнадан окуп турушарын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG