Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын чоо-жайы


Иллюстрациялык сүрөт. Орусиядагы нааразылыкка чыккан демонстранттар.
Иллюстрациялык сүрөт. Орусиядагы нааразылыкка чыккан демонстранттар.

Кыргызстанда чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү бүттү. Документ жакынкы аралыкта парламенттин тармактык комитетине киргизилиши мүмкүн.

Жарандык коом документ кабыл алынса өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөл күчөп, бир тобу катаал талаптардан ишин да токтотууга аргасыз болорун билдирүүдө.

“Чет өлкөлүк өкүл” түшүнүгү

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган. Документ парламенттин тармактык комитетине биринчи окууга качан киргизилет азырынча белгисиз.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылы 21-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулду. Ошентип, бул долбоорду парламенттеги 90 депутаттын 33ү алдыга сүрөп жатат.

Мыйзам долбооруна ылайык, “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. “Чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан каржыланган жана чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандагы саясий иштерге катышкан бейөкмөт уюм эми чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюм” деп аталат.

Алар мамлекеттик мекемелер кабыл алган чечимдерге таасир эте турган саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса, анда Кыргызстандагы саясий ишке аралашты деп эсептелет. Илим, маданият, саламаттыкты сактоо, адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү, спортту жайылтуу, өсүмдүктөр менен жаныбарларды коргоо жана кайрымдуулук саясий ишке кирбейт.

Мыйзам долбоорунун негизги автору депутат Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп эсептейт.

Надира Нарматова.
Надира Нарматова.

“Бул мыйзамдын эч кимге зыяны жок. Ал мамлекетте тартип, көзөмөл болсун деген максатта жазылган. Кандай гана бейөкмөт уюму болбосун мамлекетке отчет берсин, ачык-айкындык болсун деген эле максат. Эч кимге тыюу салган жери жок. Эл аралык же бейөкмөт уюм болобу каалагандай иштей берсин. Буга чейин мен деле кайрымдуулук уюмду иштеткем. Ал деле бейөкмөт уюм болот. Диний уюмдар, фонддор бейөкмөт уюм деп эсептелет. Салыгын төгүп, Социалдык фондго акчасын төлөсүн да каржылык отчет беришсин. Мамлекет көзөмөл кылсын деген эле сөз”.

Кызматкерлердин айлыгына чейинки отчет

Мыйзам долбоорундагы талап-тартиптерди улантсак. Коммерциялык эмес уюмдун жылдык бухгалтердик отчету милдеттүү түрдө аудиттен өтүшү керек. Ошондой эле киреше-чыгашасы, түзүмү, мүлкү, кызматкерлердин саны, алардын айлыгы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Бул коммерциялык сыр деп саналбайт.

Бейөкмөт уюм ишмердиги, анда иштеген кызматкерлер жөнүндө отчетту жарым жылда бир жолу, сарпталган акча жана жана башка мүлк тууралуу ар бир кварталда, аудитордук корутундуну жыл сайын бериши керек. Андан тышкары ушундай эле маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына берет же интернетке чыгарат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова депутаттардын тобу сунуштаган мыйзам долбоорун Конституциянын талаптарына каршы келет деп баалады:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

“Биз азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча ансыз деле жыл сайын отчет беребиз. Жаңы мыйзам долбоору боюнча мамлекет бейөкмөт уюмдардын ишине, программасына кийлигишкени жатат. Мыйзам кабыл алынса өкмөттүк эмес бардык уюмдар кайра каттоодон өтүшү керек болот. Ал эми каттоо же баш тартуу бийликтин колунда калат. Каттоодон өтүү өтө кыйын. Ошол эле кезде бейөкмөт уюмду жаап салуу жеңил. Алар саясий иш менен алектенген уюмдар деген да норманы киргизип жатышат. Бул эми өтө кеңири түшүнүк да. Мисалы, “Адилет” укуктук клиникасы мыйзамдарга экспертиза кылабыз. Мыйзам деген бул эмне? Ал саясаттагы куралдардын бири да. Алар ыңгайына жараша кайсы гана уюмду болбосун саясатка аралашып жатат деп күнөөлөп коюшат. Ошондой эле мыйзам долбоорунун авторлору “бул мыйзам өкмөттүн жардамы менен түзүлгөн бейөкмөт уюмдарга иштебейт” деп коюшту. Бул өкмөткө тиешеси жок бейөкмөт уюмдардын жабылышына алып келет”.

Мыйзам долбоору кабыл алынса чет жактан каржыланган коммерциялык эмес уюм жылына жок эле дегенде бир жолу пландуу текшерүүдөн өтөт.

Жакында эле бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коалициясы чет өлкөнүн элчиликтерине Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны чектеген чуулгандуу мыйзам долбоорлордун авторлорунун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө чыгышына чектөө киргизүүгө чакырган кайрылуу кылышкан.

“Бул мыйзам долбоору бир гана бейөкмөт уюмдардын эле эмес жарандардын фундаменталдык укуктарын бузат. Айыл-аймактарда жаштар, журналисттер дегиле кайдыгер эмес адамдар мамлекетке пайда кылайын деп иш баштаса бул мыйзам ага балта чабат. Бул жарандык коомдун ар кандай демилгелерине каршы болот. Ошондуктан биз сөзсүз 33 депутат алып чыккан мыйзам долбоорун алдыртканга аракет кылабыз”, -дейт “Бир дүйнө-Кыргызстан” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова.

“Тыңчынын” ордуна “өкүл”

“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова башында туруп иштеп чыккан “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап, документтин 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Орусия 2012-жылы “Чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзам кабыл алган. 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна байланыштуу Орусияда бул мыйзам дагы катаалдаштырылып, коммерциялык эмес уюмдар менен медиалардан сырткары жеке адамдар “чет элдик тыңчы” катары атайын реестрге киргизиле баштаган.

Кыргызстанда “тыңчы” деген сөз гана “өкүл” дегенге алмаштырылганы айтылууда.

Анын үстүнө 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиядагы сапарында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан учурда, орус спикери Кыргызстанда “Чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамды тездетип кабыл алуу керектигин, бул боюнча Думанын тажрыйбасын колдонууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров “Говори Тв” порталына айткан пикиринде Кыргызстанда өкмөттүк уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн долбоорду сынга алды.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Кеп уюмдардын аталышында эмес. Маселе алар эмне жумуш кылып жатат, ниети кандай, пейили эмнеде деген суроодо турат. Адилеттик үчүн айтыш керек бейөкмөт уюмдар өкмөт кылбаган иштерди жасап атат. Өкмөт көтөрбөгөн улуттук маанилүү маселелерди көтөрүп жатат. Аларга ыракмат дешибиз керек. Кээ бирөөлөр “зыяны тийип атат” дешет. Зыяны тийип аткан болсо так эмнеге зыян кылып жатканын айтыш керек. Аларга караганда көбүрөөк зыян алып келип аткан мамлекеттик мекемелер, министрликтер бар. Аларга ким баа берет? Ондогон уюмду бир топко кошуп салган болбойт. Ар бир уюм иликтенип, жеке баа берилиши керек”.

2022-жылы 2-ноябрда Министрлер кабинетинин сайтына да “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” да мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Документтин негиздемесинде, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний ишенимин коргоо үчүн бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзам учурдун талабы экенин жазылган. Документ сынга кабылып, аны иштеп чыгуу үчүн президент Садыр Жапаров жумушчу топ түзгөн.

“Тыңчы” мыйзамынын тарыхы

Ушул тапта иштеп жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” 1999-жылы кабыл алынган мыйзамга 2014, 2016, 2021-жылы өзгөртүү киргизилген.

Акыркы өзгөртүү сын-доомат менен коштолуп, Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзамга 2021-жылы июль айында кол койгон. Мыйзамда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчет берүүгө милдеттендирген жобо каралган.

Бул мыйзам Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам кабыл алынган эмес.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес. Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев башка өлкөлөр каржылаган уюмдарды “Чет элдик агент катары таануу жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдап, бирок кабыл алынбай калган.

Бул мыйзам долбоорун VI чакырылыштын депутаттары 2016-2017-жылдары эки окууда кабыл алып, ошол бойдон кабыл алынбай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG