Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

"Чет элдик өкүл" жөнүндө мыйзам билимдүүлөрдү өлкөдөн качырат"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууда турат.

Мыйзам долбоору чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк өкүл" макамын берүү жана аларды текшерүүгө алуу беренелерин камтыйт.

Жарандык коомдун өкүлдөрү чуулгандуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышына караманча каршы. Алар Батыш өлкөлөрүн демилгечи депутаттар менен аткаминерлерге виза бербөөгө чакырууда жана Конституциялык сотко кайрылып жатат.

Жарандык коом менен депутаттардын араздашуусу

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын коалициясы чет өлкөнүн элчиликтерине Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны чектеген чуулгандуу мыйзам долбоорлордун демилгечилеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө чыгышына чектөө киргизүүгө чакырган кайрылуу жолдошту.

Анда соңку кездери Кыргызстанда президенттик администрация жана Жогорку Кеңештин депутаттары адамдын түпкү укуктары менен эркиндиктерин чектеген, демократиялык алкакты тарыткан аракеттерге өткөнү белгиленген.

“Биздин өлкөнүн аткаминерлери расмий сапар алкагында да, жеке максатта да Европа өлкөлөрү менен АКШга барып турганы эч кимге сыр эмес. Мындан тышкары, көпчүлүк аткаминерлердин балдары чет өлкөлөрдөгү окуу жайларда билим алып, ал жакта туруктуу жашап келет. Буга байланыштуу жогорудагы адамдар үчүн “Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна жана элинин кызыкчылыгына коркунуч туудурган” өлкөлөргө баруу максатсыз жана кооптуу деп ойлойбуз. Жогорудагы мыйзам долбоорлорунун (“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жана “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө – ред.) демилгечилерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө виза берүүдөн жана мөөнөтүн узартуудан баш тартуу маселесин кароону өтүнөбүз”, - деп жазылган Коалициянын кайрылуусунда.

Бирок демилгечилердин бири, депутат Алишер Козуев мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган иштер, дипломатиялык алкакта чектөөгө алынбашы керек деп эсептейт.

“Сыртка чыкканга бөгөт коюлуп калат деп, бул жерде унчукпай отурса болбойт. Кандай болбосун, мен жеке пикиримди айтам. Бир сөз сүйлөсө эле “ал жакка каршы, бузукулук кылуу” дебеш керек. Ал жактык, бул жерде жүргөн (Кыргызстанда – ред.), мамлекеттин саясатына каршы адамдар боюнча сөз болуп жатат. Бул мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда турат. Талкуудан кийин карайбыз, аша чаап кеткен жактары болсо, кыскартабыз. Биздин Батыш менен да, Чыгыш менен да, Орусия менен да дипломатиялык мамилелерибиз бар. Бир ууч адамдардын эле кайрылуусу менен чектөө болбойт да. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эки өлкөнүн мамилеси эч качан бузулбашы керек”.

Мыйзам долбоорундагы “чет өлкөлүк өкүл” макамы

Учурда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга Жогорку Кеңештин 33 депутаты өзгөртүү киргизилип, коомдук талкууга чыгарган. Анда чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдардын ишин тескеген өзгөчө жоболор бар.

Мыйзам долбоорунун негиздеме-справкасындагы маалыматка ылайык, Бишкек шаарында эле 18500 ар түрдүү коммерциялык эмес уюмдар катталган.

“Алардын көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарындагы ырааттуу жана максаттуу өнүгүүсүнө карама-каршы келген чечимдерди кабыл алышы үчүн коомдук пикир түзүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасында саясий акцияларды уюштурууну жана өткөрүүнү каржылоо жолу менен катышууда”, - деп жазылган негиздеме-справкада.

Талкуудагы мыйзам долбоору “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамда “чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүктү киргизүүнү максат кылат. Ал түшүнүккө “чет өлкөлүк мамлекеттерден, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алган, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо алар ыйгарым укук берген жактардан, көрсөтүлгөн булактардан акча жана башка мүлктөрдү алган, жана анын ичинде чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу саясий иштерге катышкан коммерциялык эмес уюмдар” кирет.

Ошондой эле, аракеттеги мыйзамдын 17-беренесин төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда:

“Коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин көлөмү жана түзүмү, коммерциялык эмес уюмдун мүлкүнүн көлөмү жана курамы жөнүндө, анын чыгымдары, кызматчыларынын саны жана курамы жөнүндө, алардын эмгегине төлөө, коммерциялык эмес уюмдун ишинде жарандардын акысыз эмгегин пайдалануу тууралуу маалыматтар коммерциялык сырдын негизи боло албайт. Коммерциялык эмес уюмдар ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши жөнүндө, жетекчи органдарынын жеке курамы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, акча каражаттарын чыгымдоонун жана башка мүлктү, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан алынгандарды пайдалануунун максаттары жөнүндө документтерди, чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар ошондой эле аудитордук корутундуну бериши зарыл”.

Жарандык коомдун өкүлдөрү эмнеге нааразы?

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөдө жарандык коомдун калыптанып, өнүгүшүнө опол тоодой эмгек жасап келатканын, аны жокко чыгаруу мүмкүн эместигин айтып турушат.

Алар Бакиевдин, андан кийин Атамбаевдин режими учурунда жарандык коомду, анын лидерлерин дискредитациялоо аракеттери көп болгонун белгилешүүдө.

Ага карабай, Кыргызстандагы күчтүү жарандык коом кайра-кайра кайталанган ыңкылаптар, пандемия, кыргыз-тажик кагылышы өңдүү кризистик учурларда демилгени колуна алып, кырдаалды жөнгө салууга эбегейсиз салым кошконун мисал келтиришет.

“Жарандык жигердүүлүк” коомдук фондунун жетекчиси Аида Курбанова мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын ишмердигин туш тараптан чектейт деген пикирин билдирди.

“Бул мыйзам мамлекеттик эмес уюмдарга сөзсүз терс таасирин тийгизет. Көбүнчө укук коргоо жаатында иштеген, саясий чечимдерге таасир эткен уюмдар аярлуу болуп калышат. Ал жерде өтө көп түшүнүксүз, чаржайыт нерселер бар, саясий ишмердик абдан жалпыланып жазылган. Уюмдун кайсы ишмердиги болбосун, эгерде кайсы бир мыйзамга муну же тигини киргизбөөнү сунуштасаң эле басым, саясий ишмердик болуп эсептелип калат. Санкцияланбаган текшерүүлөр, бардык ички иш-чараларга катышуу сыяктуу нерселер да бар. Биз отчет берүүдөн коркпойбуз. Бирок, кайсы эле мамлекеттик орган болбосун келип, туура эмес иштеп атасың деп жаап киргени да ашкере дискриминация. Бейөкмөт уюмдар үчүн кылмыш жоопкерчилигин кароо буга чейин эч качан болгон эмес. Ачыгын айтканда, бул мен үчүн абдан кызык”.

“Бир дүйнө-Кыргызстан” бейөкмөт уюму демилгеленген мыйзам долбоору боюнча Конституциялык сотко кайрылган. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова мыйзамдын демилгечилери өлкөдөгү жарандык коомду алсыратуу боюнча Орусиянын авторитардык тажрыйбасын колдонууга аракет кылып жатат деп эсептейт.

“Биз социалдык-экономикалык жана башка көйгөйлүү маселелерде жардам берип келебиз. Бүгүнкү күнгө чейин банктан баштап салык инспекциясына чейин ачыкпыз. Бирок, мына 33 депутат кайра Конституцияга кол салып атат. Бул деген аябай чоң кылмыш. Анткени, депутаттар өзүнүн элине, жерине, өзүнүн жарандарына кол салууда. Ошон үчүн биз Конституциялык сотко кайрылганбыз. 7-июнда Конституциялык соттун отуруму болот. Буга чейин биринчи отурум болгон, андан мурда жарым жыл консультациялар болгон. Азыркы 33 депутаттын демилгесинин Кыргызстандын ишине таптакыр тиешеси жок. Бул деген чыккынчылык. Кремлди, Путинди караган, башка бир коррупциялык экономикалык программалары бар 33 депутаттын аракеттерин сотко берип жатабыз”.

Орусия демекчи, апрель айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москвага расмий иш сапар менен барганда, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан.

Анда Володин "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамды тездетип кабыл алуу керектигин, ал үчүн Думанын тажрыйбасы молдугун айткан. Орусия менен Кыргызстан чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнө каршы күрөштү мыйзам жолу менен жөнгө салуу багытында да тажрыйба алмашуусу зарыл экенин кыйыткан.

“Дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде Батыш каржылаган бейөкмөт уюмдар “эгемендикке жана мамлекеттүүлүккө шек келтирүүдө. Бул маселеде Орусиянын бай тажрыйбасы Кыргызстанга пайдалуу болот”, - деп билдирген ал.

Нурланбек Шакиев бул кездешүүдө Володиндин жогоркудай пикирине эмне деп жооп бергени белгисиз.

"Жумушсуздук күчөйт, акылдуулар өлкөдөн качат"

Учурда коомдук талкууга чыккан мыйзамдын жаңы редакциясында "чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдардын" атайын реестри түзүлүп, жылына бир жолу пландуу текшерүү белгиленген. Реестрдеги уюмдарды пландан тышкары текшерүүнүн негиздери да белгиленген.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламент 31-майдагы жыйынында атайын сөз алып, демилгечи депутаттарды мыйзам долбоорунун терс кесепеттери тууралуу терең акыл калчоого чакырды.

“Бейөкмөт уюмдарды "чет өлкөнүн агенттери" деп таануу бүтүндөй коммерциялык эмес уюмдар тармагын талкалайт. Бул жумушсуздукка алып келет, көптөгөн адамдар жумушсуз калат. Керек болсо, көпчүлүк саясатка аралашпаган бейөкмөт уюмдар да жабылат. Кечээ эле мага бир эколог жазып жатат, “мен мыйзам долбоорун окудум, бирок уюмду жапканга мажбур болом, себеби мен ЮСАИДден, ар кандай ушундай уюмдардан грант алам, бирок эч качан чыккынчылык кылган жокмун, "чет өлкөлүк агент" деп аталгым келбейт” дейт. Ошондуктан, тилекке каршы, биз ушундай бейөкмөт уюмдарды жаап салабыз. Мен ушул мыйзам долбоорун демилгелеген 30 депутаттан мыйзамдын терс кесепеттери тууралуу жакшылап ойлонууңуздарды дагы бир жолу суранам. Өзүбүздүн эле көптөгөн жарандарыбыз жөн жерден жумушсуз калат. Алар башка жумуш издөөгө же өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болот”.

Май айынын соңунда Эл аралык коммерциялык эмес укук борбору демилгеленген мыйзам долбоору боюнча укуктук талдоосун жарыялады. Анда мыйзам долбоорунун тексти Орусиядагы “чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам долбооруна дээрлик окшош экени, болгону “агент” деген сөз “өкүл” деген сөзгө алмаштырылганы белгиленген. Талдоонун корутундусунда мындай деп жазылган:

“Талдоо көрсөткөндөй, мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргыз Республикасында жергиликтүү да, чет өлкөлүк да коммерциялык эмес уюмдарды түзүүнүн шарттары жана укуктук абалы начарлайт. Мыйзам долбоорунун бир катар ченемдери Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка жана адам укуктары боюнча эл аралык укуктун башка негизги булактарына каршы келет. Эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жазылгандай, мамлекеттин кызыкчылыгы өлкөдө чыныгы демократияны куруу болсо, анда мыйзам долбоору ал кызыкчылыктарга шайкеш келбейт. Алтургай, мыйзам долбоорун кабыл алуу жана анын ченемдерин колдонуу Кыргыз Республикасындагы жарандардын жана коммерциялык эмес уюмдардын укуктарынын бузулушу жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууларына себепчи болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасы бул кайрылуулардын баарында утулат деген ыктымалдуулук өтө жогору. Мамлекетте демократиялык эмес өлкөнүн имиджи калыптанат”.

Мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандагы “Адилет” укуктук клиникасы да өзүнүн терең талдоосун чыгарган.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамына соңку эки жылда ушуну менен экинчи өзгөртүү киргизилип жатат. 2021-жылдын июнь айында "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамы кабыл алынган. Эл аралык коомчулуктун жана укук коргоо уюмдарынын катуу каршылыгына карабай президент Садыр Жапаров чуулгандуу мыйзамга кол койгон.

Мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG