Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Трампка жашыруун документтерге байланыштуу жаңы айып тагылды


АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. 4-апрель, 2023-жыл.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. 4-апрель, 2023-жыл.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка жашыруун документтерге талаптагыдай мамиле кылган эмес деген айып тагылды. Муну менен Трамп федералдык өкмөт айып таккан Американын алгачкы экс-президенти болуп калды.

Юстиция министрлиги жети беренеден турган айыптоо актын кийинки жумада, 2024-жылкы президенттик өнөктүк кайнап турган маалда жарыялайт деп күтүлүүдө.

Эгер бул айыптар менен Трамп күнөөлүү деп табылса, эркинен да ажыратылышы ыктымал. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, бул АКШ үчүн эң кайгылуу күн экенин белгиледи.

"Кошмо Штаттардын мурдагы президенти ушундай кырдаалга кабылат деп элестеткен да эмесмин", - деди Трамп.

Трамп 2024 жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу өнөктүгүн жүргүзүп жатат.

9-майда АКШда арачылар соту Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптуу деп таап, журналист жана жазуучу Жин Кэрроллго беш миллион доллар айып пул төлөөгө милдеттендирди.

XS
SM
MD
LG