Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Мадумаровду жоопко тартуу маселесин караган комиссия материалдар менен таанышууда


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ишин улантууда. Анын мүчөлөрү материалдар менен өз алдынча таанышып жатканын, өткөн шаршембиде кезектеги отурум өткөнүн 9-июнда “Азаттыкка” комиссиянын жетекчиси, депутат Динара Ашимова билдирди:

“Комиссия иштеп жатат. Чогулуп жатабыз. Кийинки отурум качан болорун чече элекпиз. Азыр материалдарды ар бир депутат өзүнчө изилдеп чыгат. Аркы жумадан чогулабыз, буюрса”.

31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөнүн билдирген.

Сунуштаманы карап чыгыш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияга депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган. Ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" өзү билдирген.

Анда түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG