Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга автор болгон айрым депутаттар сунушунан баш тартууда


Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна автор болгон айрым депутаттар мындай демилгесинен баш тарта башташты. Депутат Бактыбек Чойбеков 8-июнда Bulak.kg порталына курган маегинде төмөнкүлөрдү билдирди:

“Каражатынын туура пайдаланылышы, көзөмөлдөнүшү боюнча макулдугумду берип, ошол жагы таза болушун каалап, сунуштагам. Бирок азыркы мыйзамды көрүп, андан кайра артка тарткым келип жатат. Себеби анда адам укуктарына, демократияга каршы көп нерселер бар экен. Ошондуктан мыйзамдын демилгечилер курамынан чыгайын деп жатам”.

Андан мурдараак депутат Эмил Токтошев да социалдык түйүндөр аркылуу билдирүү таратып, мыйзамга мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген пункттар кирип калбашы үчүн демилгечилер тобуна киргенин, бирок пикири өзгөргөнүн айтты:

“Сырттан каржыланган уюмдар, каражаттар ар кандай диний жана террористтик кыймылдарга колдонулуп кетпесин деген максатта, сырттан келген каражаттардын булактарын жана каражаттардын колдонгон багыттарын гана ачык болуусун мыйзам чегинде көзөмөлдөөчү пункттарды сунуштаган элем. Бирок мен сунуштаган пункттар кирген менен башкача формулировка менен кетип, андан сырткары мен макул болбогон ашыкча көп пункттар кирип калгандыгынан мен НКО жөнүндөгү мыйзам демилгечилердин катарынан чыгуу үчүн арызымды жаздым”, - деген Токтошев мыйзам бир тараптуу кызыкдар тарапка иштебеши керектигин белгиледи.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун дагы бири - депутат Эмил Жамгырчиев да сунушунан баш тартып жатканы маалымдалды.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган. Документ парламенттин тармактык комитетине биринчи окууга качан киргизилет азырынча белгисиз.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылы 21-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Анда “чет элдик өкүлдүн функциясын аткаруучу бейөкмөт уюмдар” деген категория киргизилип, бир катар милдеттер жана талаптар жазылган. Ал талаптар аткарылбаса уюм жабылып калышы ыктымал. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму бул долбоор Орусиянын “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамынан дээрлик сөзмө-сөз көчүрүлүп алынганын аныктап чыккан.

Укук коргоо уюмдары коммерциялык эмес уюмдар ансыз деле башкалар сыяктуу мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, бул демилге бийликти сындагандарды басуу үчүн колдонула турган механизмге айланышы ыктымалдыгын белгилеп келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG