Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Лиранын куну: каатчылык капшабы мигрантка тийди


Түркия. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркия. Иллюстрациялык сүрөт.

Түрк лирасынын куну буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге түшүп, 8-июнда бир доллардын баасы 23.37 лирага чейин жогорулады. Бул көрсөткүч азык-түлүк, ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр жана жол киреге да таасирин тийгизүүдө. Мындан айрыкча Түркияда иштеген мигранттар жапа чегүүдө.

Башка өлкөгө оогон мигранттар

Түркияда 7-июнда бир АКШ доллары 23.17 лирага бааланса, 8-июнда эртең мененки акча алмаштыруу курсунда анын наркы 23.37 лирага чыкты.

Лиранын кунсузданышы Түркияда баалардын кымбатташына алып келди.

Кундуз Мамбетова кыргызстандык мигрант кыз-келиндер менен. Стамбул шаары.
Кундуз Мамбетова кыргызстандык мигрант кыз-келиндер менен. Стамбул шаары.

Көп жылдан бери Түркияда эмгектенип жүргөн Кундуз Мамбетова экономикалык каатчылыктын капшабы алды менен мигранттар да тийгенин айтууда.

"Азыр үй жумушта иштегендердин айлыгы бир аз көтөрүлүп калды. 12 миң, 13 миң лира алгандар бар. Ошол 12 миң лира деле долларга которо келгенде 600 доллар болчу. Эми доллар 23 лирага көтөрүлүп кетти. Айлык акысын көтөртө албаган да кыз-келиндер бар. Алар айла жок иштешет. Бирок негизи үй жумуштарында иштеген мигранттар азайды".

Түркиянын статистика институтунун расмий маалыматында, бир жыл ичинде баалар эки эсе өстү - 105%. Бирок түркиялыктар чыныгы абал мындан да начар деп айтууда. Азык-түлүк баасына катар эле турак жай, батир ижарасы дагы кескин өстү. Баалардын орто чарба кишинин чөнтөгүнө чак келбей калганын Стамбул шаарында сулуулук салонун иштеткен кыргызстандык Назикат Шаршенбаева да айтып жатат.

Назикат Шаршенбаева.
Назикат Шаршенбаева.

"Негизи менин кардарларымдын дээрлик көпчүлүгү Стамбул шаарына келген чет өлкөлүк туристтер. Учурда экономикалык таңкыстыктан улам түрк кардарларымдын саны азайды. Анткени алардын алган айлык акылары лира менен болгондуктан менин кымзатыма акчалары жетпей жаткандай. Менин колдонгон косметикаларым Англиядан, Америкадан келет. Кеминде бир макияж үчүн 100 доллар алам. Мурун 100 доллар 800 лирага туура келгендиктен жергиликтүү кардарларыма анча кымбат эмес болчу. Эми 100 доллар 2000 лирадан ашып кетти. Буга айрымдарынын чөнтөгү чак келбейт".

Назикат соңку алты жылдан бери сулуулук тармагында иш алып барганын, өзү менен кошо эки иниси да бул өлкөдө иштегенин, бирок лиранын нарксызданышынан улам алар Орусияга жана Европага иштегени кеткенин айтат.

"Учурда Түркияда экономикалык абал өтө оор. Бир иним эмгек визасын ачтырып, Европага жүк ташуучу унаа айдаганы кетти. Экинчиси Москвага такси айдаганы кетти. Экөө тең Түркияда тапкандарынан алда канча көп айлык акы алып жатканын айтып жатышат. Анткени Түркияда иштеген азыр такыр эле кирешесиз болуп калды. Лира менен айлык алып жашаш кыйын".

Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин статистикасына ылайык, быйыл беш айда 3 жарым миллион чет өлкөлүк турсит Анталия аймагындагы мейманканаларда эс алган. Жыл сайын бул аймактагы мейманканаларга түмөндөгөн мигранттар келип иштешет. Негизинен Кыргызстандан, Украинадан, Өзбекстандан жана Ооганстандан келген мигранттар көп. Кемер аймагында жети жылдан бери мейманканалардын биринде иштеген Жылдыз Ташбаева туризм тармагында иштегендердин айлык акысы өскөнү менен азык-түлүктүн баасы асман чапчыганын айтты.

"Доллардын курсунун өсүшү менен Кыргызстанга акча салгандарга кыйын болуп калды. Учурда минималдык айлык акы 8500 лира. Ошону тоголоктоп 9 миң лира берет. Менин айлыгым 11 миң лира. Бала чакам менен тургандыктан мага жетиштүү десем болот. Доллар менен деле ишим жок. Бирок таптакыр ишим жок деп да айта албайм. Айлыгыбыз канча көтөрүлгөн сайын дүкөндөрдө азык-түлүк да абдан кымбаттап кетти. Мурдагыдай эмес. Эки жыл мурун дагы жеңилирек, иштеген эмгегибиз барктуурак болчу".

Стамбулдагы логистикалык фирманын жетекчиси, кыргызстандык Кыялбек жергиликтүү валютанын нарксызданышы башка өлкөгө чыгып кеткен мигранттар санын көбөйттү дейт.

"Түркиядагы экономикалык абал бардык тармактарга, анын ичинде жүк ташууга дагы терс таасирин тийгизүүдө. Доллардын токтоосуз өсүп жатышы түрк лирасы менен маяна алгандардын жана төлөмдөрүн лира менен жасаган баардык эле жашоочулардын абалын оордоштурду. Ошого байланыштуу көптөгөн мигранттар башка өлкөлөргө кетип же мекенине кайтууда. Буга өзгөчө акыркы бир жыл ичиндеги батирлердин ижара акысы, деги эле бардык нерсенин бааларынын көтөрүлүп жаканы да себеп болууда. Ал эми сырттан Түркияга келип соода кылган ишкерлердин азайышы орозо айында башталган. Кийин ага удаа эле президенттик шайлоодо өлкөдө саясий бүдөмүк жагдай жаралды. Кытай чек арасынын соодагерлерге ачылышы да катуу түрткү болду. Учурда соода тармагында абал оор. Эми болсо "өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып бажы баалары көтөрүлүп, жүк ташуу кызмат акысы дагы өстү. Түркияда доллардын курсу тез өсүп, баалар дагы көтөрүлсө, абал мындан да оордошот".

Түркиянын Соода министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-апрель айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт 3% азайып, 80 миллиард 874 миллион долларды түздү. Импорт болсо 7,2 % өсүп 124 миллиард 412 миллион доллар болду. Ал эми тышкы соода көлөмү дээрлик 3% өсүп, 205 миллиард 285 миллион долларга жетти.

Жаңы министр жагдайды жакшырта алабы?

Серепчилер доллардын курсунун мындай кескин көтөрүлүшүн мамлекеттик банктардын интервенцияны токтоткону менен байланыштырып жатышат. "Рейтер" агенттиги менен сүйлөшкөн түрк банкирлери бул көрүнүштү эркин базар шарттарына кайтуу катары сыпатташкан.

Түркиянын Борбордук банкы президенттик шайлоо алдында доллардын ээ-жаа бербей бараткан толкунун басуу үчүн мамлекеттик банктар аркылуу интервенция жасаганын кабарлаган.

"Бул интервенция шайлоодон кийин токтойт" деп айрым чет элдик инвесторлор доллардын курсу көтөрүлөрүн алдын ала айтышкан.

Алсак Goldman Sachs компаниясынын аналитиктери 3-июндагы отчетунда алдыдагы үч айда доллар 19дан 23 лирага, алты айда 21ден 25 лирага, бир жылда 22ден 28 лирага чейин көтөрүлөрүн божомолдошкон.

Мехмет Шимшек.
Мехмет Шимшек.

Ал эми 7-июнда Түркиянын Министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берип, кызматка киришти. Казына жана Каржы министрлигине мурдагы вице премьер-министр Мехмет Шимшек келди.

Ал ант берип жатып: "Өкмөт чече албаган маселе жок. Элдин колдоосу менен максаттарыбызга жетебиз деп ишенем. Бирок бизге бир аз чыдамкайлык жана убакыт керек", - деп айтты.

Жаңы дайындалган министр Түркиядагы экономикалык саясатта чечүүчү ролду ойнойт деген пикирлер айтылууда. Деген менен Түркия учурда оор экономикалык кризисти жашап жатат.

Түркиянын түштүгүндөгү миңдеген адамдын өмүрүн алган зилзаланын кесепеттери оор болду. 6-февралдагы кырсыкта 11 провинция жапа чеккен. Акыркы маалыматтар боюнча 50 миңден ашык адам каза таап, 15,7 миллион киши жабыркады. Алардын айрымдары кырсык болгон аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болуп, туугандарынын үйлөрүндө башкалкалап жатат.

17-мартта Казына жана каржы министрлиги 6-февралда катталган жер титирөөнүн материалдык чыгымы 2 триллион лира (103,6 миллиард доллар) экенин жарыялаган.

29-майда өткөн президенттик шайлоодон бери бир лира 15% арзандады. Шайлоонун экинчи айлампасында Режеп Тайып Эрдоган жеңип, добуштардын 52,14% алган.

Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партияны жетектеп келет. Ал буга чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG