Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Боордоштуктун тамыры – болочокко өбөлгө


Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз жыйыны маалында. Анкара. 16.3.2023.
Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз жыйыны маалында. Анкара. 16.3.2023.

Тарыхый тамыр ар кандай боордош улуттардын болочокку ынтымагына көпүрө боло алат. Тарыхчынын блогу.

Дүйнө жүзүндө ар кыл элдер тектеш тилдеринин өзгөчөлүгүнө ылайык бири-биринин маданий асыл-нарктарын сактоого көмөк кылган учурлар арбын.

Эгерде тигил же бул империянын улуту өзүнүн тили аркылуу үстөмдүгүн ого бетер чыңдоо үчүн өз эне тилин таңуулоого далаалат кылса, анда аны шовинисттик далаалат деп баалайбыз.

Ал эми Евразиядагы эгемен түрк өлкөлөрү өздөрүнүн тилин гана чыңдап тим болбостон, орток асыл-нарктар үчүн андан ары чогуу кам көрүп, бир эле учурда мамлекети жок түрк тилдүү этностордун тилдерин да сактап калууга жана өнүктүрүүгө көмөк кылышса, анда ал аракет жалпы адамзаттын түпкү кызыкчылыктарына да төп келет.

Анткени, ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдар тастыктагандай, азыркы замандагы ар бир эл (ири улут болобу, чакан улут болобу, айырмасы жок) өзүнүн эне тилин жана нукура маданиятын сактап калуу аркылуу жалпы адамзаттын көп түстүү жана бай цивилизациялык бийиктигинин тиешелүү түстөрүн сактап, адамзаттын жаркын келечеги үчүн өз алдынча салым кошот.

Тээ 1970–жылдары жана 1980-жылдардын башында Советтер Биримдигиндеги саясий элита “мына-мына, өнүккөн социализм курдук, бир аздан соң, коммунизмге жетебиз да, тилдер жоголот, орчун гана тилдер сакталып калат” деген коммунисттик идеологиялык жобого маашырланып жаткан чакта, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов жарандык коомубузга “маңкуртка айланбоо” чакырыгын таштаган.

Чынында да, Чыңгыз Айтматовдун бул үндөөсүнө чейин далай чуваш, телеут, шор, хакас, алтай, ж.б. элдердин айрым өкүлдөрү өз эне тилин дээрлик унутууга үлгүрүшкөн. Бирок бул элдердин айдыңдары да мурдагы СССРдин акыркы баскычынан – “Кайра куруулар” доорунан тартып жана өзгөчө алганда, акыркы 32 жыл ичинде өз тилин жана маданиятын сактап калуу үчүн жана ар кыл маңкурттукка каршы жандуу күрөшүп жатышат.

Байыркы доордогу хундардын Багтуг теңир-кут (Мете хан, Модэ шанүй), орто кылымдардагы түрк кагандары сыяктуу өкүмдарлары мамлекеттүүлүктү чыңдоо аркылуу маданий казынаны байытууга салым кошушкан.

Ал эми орто кылымдардагы битиг жазмасын калтырган бабалар, IX – XVI кылымдардагы Абу Наср Фараби, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани, Ахмет Йассави, Ахмет Йүгнеки, Жалал ад-Дин Руми, Улугбек Тарагай, Али Кушчу, Алишер Навойи, Захир ад-Дин Мухаммед Бабур сыяктуу бабалардын эмгектери, ошондой эле “Манас”, “Огуз-хан”, “Коркут Ата”, “Алпамыш”, “Алып Манаш”, “Көроглу” сыяктуу жана башка түрк эпосторунун бай маалыматтары тарыхый тамырларыңарды унутпагыла, деген осуятка тете.

XX кылымдын акыркы он жылдыгы түрк өлкөлөрүнүн жана элдеринин өз ара карым-катнашынын жаңы доорун ачып берди.

1991-жылы декабрда Советтер Биримдиги биротоло ыдыраган соң, эгемендиги Түркия тарабынан дароо таанылган постсоветтик түрк өлкөлөрү бири-бирине жана Түркияга кучак жайышты.

Оболу маданий жана илимий карым-катнаш жүрдү. Бара-бара, посткоммунисттик өлкөлөр базар мамилелерин өздөштүрө баштаган соң, натыйжалуу экономикалык кызматташтык да башталды.

Ал эми саясий жана аскердик кызматташтык жааты, албетте, тигил же бул түрк өлкөсүндөгү ички демократиячыл жүрүмдөр менен гана байланыштуу болуп чектелбестен, жаңыдан эгемендикке жеткен өлкөлөрдүн саясий элитасынын постсоветтик Кремлге карата канчалык тымызын байлангандыгына да байланыштуу өнүккөндүгүн айта кетүү керек.

Түрк мамлекеттеринин кыялы ишке ашабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:29 0:00

Албетте, түрк өлкөлөрүнүн болочокку кызматташтыгы маселеси бул өлкөлөрдү гана эмес, башка да тарыхый коңшуларын кызыктырып келет.

Мындай кызматташтык терең жана узак мөөнөттүү болуусу үчүн шериктер тымызын Кремлге кылчакташкан азыркы КМШдагыдай эмес, бардык мүчө өлкөлөр теңата болгон Европа Биримдигиндегидей демократиячыл негиздер зарыл.

Жалпы түрк мамлекеттеринин орток кызыкчылыктары тигил же бул өлкөлөрдүн чөлкөмдүк чаканыраак ынтымагына эч тоскоолдук болбойт.

Мисалы, Борбордук Азиядагы түрк өлкөлөрү ички чөлкөмдүк байланыштарын чыңдоо аркылуу бул чөлкөмдүн сыртындагы Түркия жана Азербайжан менен алда канча байсалдуу шериктештикти камсыз кыла алышат.

Евразиядагы өз мамлекети жок чаканыраак түрк тилдүү этносторду колдоо зарылчылыгы Евразиядагы башка тарыхый коңшулар менен да достук жана коңшулук карым-катнаштарды ырааттуу өөрчүтүү милдеттерин күн тартибине коёт.

Демек, түрк өлкөлөрүнүн тыгыз кызматташтыгы бир кездери Сталин жана анын режими бөөдө жерден корккондой “пантүркчү” деңгээлде эмес, кадыресе цивилизациялык интеграциялык деңгээлде улантылмакчы.

Мындай шартта ар бир боордош элдин өз эне тилин жана маданий асыл-нарктарын сактоосуна жана өнүктүрүүсүнө, экономикалык өнүгүүсүнө жана бакыбаттыгына огожо болуу – бул мамлекеттер аралык жана этностор аралык шериктештиктин орток милдетине айланаары шексиз.

Түрк мамлекеттер уюмунун саясий салмагы кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:05 0:00

Ушул тапта Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы да (Кубанычбек Өмүралиев), ТүркСОЙдун Башкы катчысы да (жазуучу Султан Раев) ротация жолу менен жетекчилик кылып жатышкан ала-тоолук дипломаттар жана коомдук ишмерлер.

ЮНЕСКО азыркы кезеңде ар тараптуу маданий иш-чараларды ырааттуу уюштуруп келе жаткан ТүркСОЙ уюмун өзүнүн чаканыраак шериги катары кандайча колдоого алып жатса, түрк өлкөлөрүнүн тынч ынтымагын Бириккен Улуттар Уюму да табигый түрдө колдоого алууга тийиш. Үмүтүбүздө, Түрк Мамлекеттер Уюму – тектеш өлкөлөрдүн ортосундагы болочокку конфедерациялык ынтымакка пайдубал курууга жетишчү маанилүү шериктештик болуп калаар.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG