Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Түрк мамлекеттеринин интеграциясы


Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттери. Ноябрь, 2022-жыл.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркиянын президенттеринин 14-декабрда Аваз шаарында биринчи саммити өттү. Түркмөнстан нейтралитетин жарыялаган расмий датанын эртеси өткөн саммитте түркмөн газы менен нефтисин дүйнөлүк рынокко биргелешип чыгаруу шарттары, жолдору талкууланды.

Айтмакчы, былтыр Баку менен Ашхабад Каспий деңизиндеги "Достулук" нефть жана газ кенин биргелешип иштетүүнү макулдашкан. 60 миллион тонна нефтини, 100 миллиард кубометр газды иштеткен бир тең да, аны экспорттоо бир тең.

Баку да, Анкара да Каспий деңизи аркылуу газ куурун чече элек. Экөөнүн чечиши арсар, анткени Москва буга жол береби же жокпу, белгисиз. Орус аналитиктери саммит баштала электе эле Ашхабад Москва менен Анкаранын ортосунда калып чайналат, "эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка калат" маанисинде күңкүлдөшкөн.

Ирандын жана Азербайжандын аймагы аркылуу экспорттоо да татаал иш. Анткени Иран кандай шартта макул болот, аны айтыш кыйын. Анын үстүнө Ирандын аймагында жетиштүү инфраструктура али курула элек.

Ушул жылдын 28-ноябрында Ашхабадда Экономикалык кызматташтык уюмунун XV саммити өттү. Башка калган интеграциялык бирикмелердей эле маданий-гуманитардык кызматташууну арттыруу, соода-экономикалык байланышты чыңдоо маселелерин талкуулап, декларация кабыл алды. Ушул саммит чоң окуяларды улантып, геосаясий мейкиндиктеги олуттуу процесстердин кабарын билдирди. Демейде сак Өзбекстан, дымагы күч Казакстан, бейтарапмын деген Түркмөнстан да бул ирет эл аралык аренада чоң мааниге ээ армян-азербайжан эзелки талашы боюнча ачык позициясын билдирди.

Түркмөндөр канчалык өзүн нейтралдуу деп көргөзбөсүн, четте калуу барган сайын кыйындап баратат. "Аракеттердин Ашхабад консенсусу" деп аталган жыйынтык документте Азербайжан Республикасын бекем колдогон эки тезисти жактап, кол коюшту. Азербайжан дипломатиясынын жеңиши деп азербайжан коомчулугу жетине албай жар салды.

Азербайжандар быйыл Тоолуу Карабактагы согушта жеңишке жетти, бир топ жерди кайтарып алды. Түркиянын берген жардамы чечүүчү болгонун так кесе айта албайбыз, бирок түрктөрдүн “Байрактар” аталган дрондору абадан аткылап, армяндардыын шайын оодарганы белгилүү. Түркмөн жериндеги чоң жыйында кабыл алган декларацияда мамлекет башчылары “Азербайжан элин жана өкмөтүн оккупацияланган аймактардын боштотулушу жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнүн калыбына келиши менен куттуктап”, тилектештигин жарыялашты.

Бир кезде Кыргызстан Тоолуу Карабак боюнча азербайжандар менен армяндар ортосундагы жаңжалга элчи түшүп, элдештирип, тынчтыкка себепкер болгон эле. Андан бери бул эки өлкө көрүнгөн форумда, түрдүү маселелерде ушул чырдын тегерегинде карама-каршы позицияларын билдирип келген. Ошондой форумдарда Борбордук Азиянын бир да өлкөсү позициясын так, ачык айтуудан карманчу. Эки өлкөнүн делегациясы ар кайсы эл аралык форумдарда кайым айтышып, мамлекеттерди өз позициясын колдоого үндөөсүнө казагы, кыргызы, өзбеги, түркмөнү да этият мамиле жасап, көбүнесе бейтарап мамиле кылышчу. Эми минтип быйыл Ашхабад саммитинде баары бир ооздон Азербайжан өлкөсүн жеңиши менен куттуктап, позициясын бекем айтып отурат.

Бул окуялар көз жаздымда калбай турган, чоң процесстердин жана жаңы геосаясий конфигурациянын курала баштаганын билдирет. Анча кеп кылынбай, тарых бүктөмүндө калып бараткансыган “пантүркизм” термини жанданды.

Түрк басылмалары эки жылдан бери Түркиянын Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан менен аскерий кызматташтыгы бекемделип, бул өлкөлөргө “Байрактар” бериле баштаганын баса белгилеп, “пантюркисттик армия” деген аныктаманы байма-бай колдонууда. Пантүркизм термининин актуалдашып, трендге айланып отурушуна жалгыз түрк медиасы себеп эмес. Аналитиктер, дипломаттар, саясатчылар туш тараптан кеп кыла башташты. Ага негиздер арбын. Пантүркизмдин бери дегенде бир кылымдык тарыхы бар, эски идея.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2019-жылкы түрк мамлекеттер кеңешинде “Алты мамлекет – бир улут”, биз бир тилде сүйлөгөн, орток тарыхы, маданияты бар, дини бир 300 млн. журтпуз" деген ураанын чакырган. Былтыр Түрк мамлекет башчыларынын кеңеши Түрк мамлекеттер уюму болуп өзгөрдү. Бейтарап Түркмөнстан байкоочу болуп кошулду.

Түрк мамлекеттеринин буга чейин маданий-гуманитардык кызматташтык менен көбүрөөк алектенген бирикмесин жаңы форматка айлантып, мазмунун байытуунун жана таасирин арттыруунун демилгечилеринин бири Эрдоган түрк мамлекет башчыларынын жыйынында уюмга мүчө мамлекеттерди Шиңжаңдагы мусулман калкынын абалына кайдыгер карабоого үндөдү.

"Биз Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагындагы уйгурлардын жана башка мусулман азчылыктарынын абалына кылдат байкоо салып турабыз. Уюмубуздун уюштуруу максаттарына ылайык, бул жаатта сезимталдыкты көрсөтөт деген үмүтүбүздү дагы бир жолу баса белгилегим келет",- деди.

Уюмдун жыйынына удаа Түркиянын "Улуттук кыймыл" партиясынын лидери Девлет Бахчели президент Режеп Эрдоганга Орусиянын түрк тилдүү улуттар басымдуу жашаган аймактары жана Кытайдын бир бөлүгү кошо түшүрүлгөн "Түрк дүйнөсүнүн" картасын белек кылган. Ал картада Борбор Азиядан Тажикстандан башка мамлекеттер менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном округунун аймактары да түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн.

Орусия буга терс реакциясын дароо билдирди."Түрк дүйнөсүнүн" картасы Москванын кыжырын келтирди. Бээжин азырынча расмий үн ката элек, бирок бул жоопсуз калды дегендикти билдирбейт. Кытай башкалардын ички ишине кийлигишпейт, ички ишине кийлигишкендерге адекваттуу жооп кайтарганды мыкты билет.

Түркия буга чейин да Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттер менен кызматташтыгын чыңдоого, өз таасирин арттырууга белсенип келген. Бирок күрд маселеси, Сирия тынчыбай, Орусия менен мамилеси өйдө-төмөн кезде, Европа Биримдигине кирүү кечеңдеп ж.б. у.с өзүнүн саясий көйгөйлөрүнөн башы бошой элек. Түркиянын экономикалык дарамети аздык кылып, чыныгы амбициясын ишке ашыра албай келүүдө.

1992-жылы түрк мамлекеттеринин Стамбулдагы биринчи саммитинин декларациясынын долбооруна түрк республикалары Түркия менен интеграцияга умтулат деген жобого Нурсултан Назарбаев каршы болгонун эскерет (На пороге ХХ века. –Алматы. 1996. 216-б).

Назарбаевдин айтымында, ыракматы болгур Ислам Каримов да каршы чыккан экен. Назарбаев Тургут Озалдын Борбордук Азияга, анын ичинде Казакстанга кайра-кайра визитин бир гана кызматташтыкты көздөбөстөн, Кемалдын эски кыялын – Түркиянын жетегиндеги түрк өлкөлөрүнүн биримдигин түзүүгө умтулганын белгилейт. Борбор Азия өлкөлөрү улам бир жакка моюн созуп, Түркиянын кучагына бой таштаган эмес. Эми да эч кимиси таштап ийбейт. Бирок мурдагы маданий алакалар менен чектелбей, кызыкчылыктар дал келген жагдайлар пайда болууда.

Ооганстандагы кырдаал, орус-украин жаңжалы, исламга жамынган экстремисттердин халифат куруу дымагы Казакстанды, Өзбекстанды, Кыргызстанды, Түркмөнстанды кадимкидей чочутуп, жарыша куралданууга, не бар, не жок даяр болууга мажбурлоодо. Түркия армян-азербайжан согушунда күчүн көрсөтүп, ишеним жаратты. Орусияга туташ санкция салынышы Анкараны эки анжы кылганы менен, бир топ мүмкүнчүлүк түздү. Түркия орус-украин жаңжалында, буудайга байланыштуу кризисте ортомчулук кылып, логистикалык пайда тапты жана дипломатиялык активге ээ болду.

Түркия Ооганстанда да таасирин арттырууга кызыкдар. Кабул аэропортуна көзөмөл кылууга далалатын жашырбайт. Ушул маселеде Бириккен Араб Эмираттары экөө атаандаш болуп, саясий-дипломатиялык кармаш жүрүүдө.

Азербайжан аркылуу Кытай жана Борбор Азияны Европа менен байланыштыруучу альтернативдик соода жолу катары Зангезур маршруту, Исламабад-Тегеран-Стамбул трансевразиялык маршруту, Түркмөн газын Түркия аркылуу Европага экспорттоо сыяктуу ири транспорттук жана экономикалык долбоорлор талкууланууда.

Айтмакчы, Эрдоган Кара деңиз менен Жер Ортолук деңизин бириктирген канал салуу идеясын көтөрдү. Идея эски, бирок аракеттер эми башталды. Эгер бул канал өздөрү кыялдангандай 2030-жылга чейин курулса, Босфор менен Дарданелл кысыктары маанисин жоготуп, орустар Кара деңиз менен гана чектелип калаары толук ыктымал.

Түрк интеграциясына саясий, идеологиялык шарт түзгөн институттар да калыптанып баратат. Түрк мамлекеттеринин праламенттик ассоциациясы (ТүркПа), Түрксой, Эл аралык түрк академиясы сыяктуу уюмдар, эми орток алфавит иштеп чыгуу процесси башталды.

2021-жылы Стамбулдагы саммитте “Түрк дүйнөсү – 2040” концепциясын кабыл алышты. Түрк мамлекеттери ортосунда эркин экономикалык аймак түзүү демилгеси да көтөрүлүп, планы даярдалып, Бирдиктүү соода келишимин (ЭКОТА) түзүү ойлонуштурулууда. Кыскасы, түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциялык аракеттери жүрүп жатат.

Түрк мамлекеттеринин өз ара кызматташууга умтулуусу жаңы геосаясий шартта жүрүп жатат. Бул интеграциялык аракеттер алардын эрки, тарыхый жактан негиздүү, этникалык, географиялык, маданий, менталдык өбөлгөлөр жетиштүү аракет. Тандоо эле эмес, муктаждык жана зарылдык. Бирок биримдик тууралуу айтууга али эрте.

Түрк мамлекеттери буга чейин деле тилектештигин тике же кыйыр билдирип, бирок ар кими ар кай жакты карап, ар кими таасирдүү державаларга ыктап келген. Интеграциялык умтулуунун динамикасы да ар кандай. Борбордук Азия республикалары адеп көз карандысыздыгын жарыялаганда эски инерция менен кызматташуусун улантып, бири бирин колдоп келсе, кийинчерээк ажырым пайда болуп, карама-каршылыктар, атаандаштык, лидерлердин позициясы интеграцияга тоскоолдук кылып келди.

Албетте, түрк мамлекеттеринин реалдуу интеграциясына, ушул биримдикте Түркиянын көч башылыгына ири алдыда Орусия каршылык көрсөтөт. Осмон империясынын мураскери, Борбор Азия жана Кавказ үчүн, Кара деңиз үчүн айыгышкан кармашта эзелки атаандашы, НАТОнун мүчөсү Түркиянын минтип түрк дүйнөсүн бириктирип, ага гегемон болушу Орусиянын геосаясий кызыкчылыктарына караманча дал келбейт. Эч качан буга макул болбойт.

Кытай да Түркиянын Борбор Азияда таасиринин күчөшүнө кайдыгер карабайт. Кытай бул чөлкөмдө экономикалык позициясын улам бекемдеп келет. Борбор Азиянын табигый кен байлыктары, транспорттук маршруттар, мамлекеттердин ички жана тышкы саясий ориентациясы, диний маселелер Кытайдын көз жаздымында эч качан калган эмес. Түркия эми кирише баштаган экономикалык жана транспорттук долбоорлор Кытайды эбактан бери ойлонтуп келген. Түркмөн газын (“Галкыныш”) экспорттоо маршруту Кытай менен Түркиянын ортосунда талашка түшүүдө.

Транскаспий-Түркия маршруту аркылуу Европага же акыры Кытайга агылабы деген маселе чечиле элек. Европанын газга таңсыктыгы бул маселени ого бетер актуалдаштырды.

Эрдогандын уйгурларга жана башка улуттук азчылыктарга болушкан билдирүүсүн Борбор Азия мамлекет башчылары кубаттаган жок. Алар Кытай менен бул чырлуу маселе боюнча жаңжалдашууну каалабайт. Бирок Борбор Азиядагы мамлекеттердин титулдуу улуттарынын Кытайдагы тектештеринин тагдыры татаал проблема.

Кыска баяндалган ушул жагдайлар региондо жана анын айланасында масштабдуу оюндар күч алганын туюнтуп турат. Түрк дүйнөсү геосаясий кусаматчылыктардын жана пассивдүү объектисинен аракеттердин активдүү субъекстисине айлантууга умтулуусу мыйзам ченемдүү. Бирөөгө каршы уюшма да эмес. Бирок дүйнө ар кандай союздарды түпкүлүгүндө бирөөгө каршы институционалдык аракеттердин жыйындысы деп кабыл алып көнүп калгандай. Тигил же бул бирикмеге каршы мамлекеттердин пропагандасы да ушул маанайда. Мамлекеттер аралык бирикмелер, эл аралык уюмдар дайыма эле натыйжалуу боло бербейт.

Айрым интеграциялык бирикмелер, эл аралык уюмдар чабалдыгын далилдеди. Алар ошону демилгелегендердин жана каржылагандардын гана кызыкчылыгын көбүрөөк колдогон же аларга ашыкча жүк болгон институт бойдон калышы мүмкүн.

Борбордук Азия ири державалардын түбөлүк кызыкчылыктары бар стратегиялык аймак. Алдыдагы процесстер бизден ашкере кылдаттыкты, сактыкты жана дипломатиялык жигерди талап кылат. Демек, Кыргызстан түрк мамлекеттеринин биримдиги болобу, же башкасы болобу, ар бир уюм жана өлкө менен мамилесинде өз кызыкчылыгын колдон жулдуруп жибербей, терең ойлонуп, ийкемдүү аракеттениши абзел.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG