Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

ТҮРКСОЙ менен БУУнун “Цивилизациялар альянсы” меморандум кабыл алышты


БУУнун “Цвилизациялар альянсынын” башчысы Мигель Маратинос жана ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев.
БУУнун “Цвилизациялар альянсынын” башчысы Мигель Маратинос жана ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев.

ТҮРКСОЙ уюму Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Цивилизациялар альянсы” менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгонун 24-ноябрда уюмдун башкы катчысы Султан Раев билдирди. Кол коюу аземи “Цивилизациялар альянсынын” Мароккодо өткөн глобалдык форуму алкагында өттү.

Раев аталган альянстын башчысы Мигель Моратинос менен жолугуп, ортодогу кызматташтык маселелерин талкуулаганын маалымдады.

“Азыркы кырдаалда билимдин жана маданияттын орду өзгөчө экендигин белгилөө менен ЮНЕСКО, ИСЕСКО, ТҮРКСОЙ сыяктуу эл аралык маданий-гуманитардык уюмдардын ролу, функциясы артыкча белгиленди. Форумдун алкагында ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси катары дүйнөлүк лилерлер, интеллектуалдар, диний конфессиялардын, илим, билим жаатындагы алдыңкы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолуктук, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк”, - деди Раев.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп быйыл март айында дайындалган. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун түзүү тууралуу келишимге 1993-жылы Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия өлкөлөрүнүн маданият министрлери кол коюшкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG