Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Кыргызстан сыртка товар ташуунун үч жаңы маршрутун иштеп чыкты


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Кыргызстан товар жүгүртүүнүн жана экспорттун көлөмүн туруктуу көбөйтүү максатында үч жаңы альтернативдик маршрут иштеп чыга баштаганын бүгүн 24-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, ар бир багыт анализделип бүтүп, биринчи товарлар жөнөтүлдү:

“Биринчиси – Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Каспий деңизи аркылуу Орусияга жана Азербайжанга чыгуу. Мисалы, бул маршрут аркылуу Орусияга товар ташуубуз азыркы маршрутка салыштырганда убакыттан утуп жатабыз жана арзан болот деген эсептөөлөрүбүз бар. Анткени Түркмөнстнда дизель майынын баасы арзан. Азыр Казакстан дизелди кескин кымбаттатып жиберди. Экинчи маршрут – Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран. “Бандар Аббас” портуна жол ачуу. Үчүнчүсү – Өзбекстан-Ооганстан-Пакистан. “Карачи” портунан ары Индияга чыгуу”.

Жапаров геосаясий абал, санкциялар, пандемия Кыргызстан үчүн да кыйын жагдай түзгөнүн кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, быйылкы жылдын он айында Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 7% түздү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG