Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

Баткен: Бала бакчанын төрт кызматкери ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде бала бакчанын кызматкерлери тамакка ууланып, ооруканага түштү. Баткен район аралык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 23-ноябрдагы маалыматына караганда, окуя 21-ноябрда Кадамжай районунун Абдыкадыр Орозбеков айылындагы “Баластан” балдар бакчасында болгон.

Бакчанын төрт кызматкери түшкү тамактануу учурунда үй шартында консервацияланган салат жешкен. Салатты бала бакчанын ашпозчусу үйүнөн алып барганы аныкталган. Натыйжада аларга ботулизм диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылган. Бейтаптар ашказаны ооруп, кусуп, башы айланып, алсырып кайрылган. Баарынын абалы начарлап, Кадамжай райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлердин айтымында, учурда бейтаптардын абалы орто оор деп мүнөздөлүүдө.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, быйыл Кыргызстанда 10 ай ичинде тамакка ууланган 100 окуя катталып, жабыркагандар 437 адам болгон. Алардын арасынан 25 окуя ботулизм деп аныкталып, 34 адам ооруканага түшкөн.

Дарыгерлер үй шартында жасалган консерва азыктарын колдонууда этияттык керек экенин эскертип келишет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG