Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:21

"Түркиянын Борбор Азия саясаты мурдагы ыргагында улана берет"


Режеп Тайып Эрдоган тарапташтары менен
Режеп Тайып Эрдоган тарапташтары менен

Президент Режеп Тайып Эрдоганды дагы бир мөөнөткө шайлоо менен түрктөр кандай тандоо жасады? Демократиянын абалы мындан ары кандай болот?Борбор Азия мамлекеттери да Эрдоганды стабилдүүлүктүн символу деп эсептешеби?

Элеонора Тафуро
Элеонора Тафуро

Түркиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу Италиянын эл аралык саясий изилдөөлөр институтунун улук кызматкери, Кавказ, Борбор Азия жана Түркияны изилдеген Элеонора Тафуро менен маектештик.

"Азаттык": Эрдоган жекшемби күнкү шайлоонун алдын ала жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин “Бүгүн Түркия жеңди” деп айтты. Сиздин пикириңизде Эрдогандын кайра шайланышы менен чындап эле Түркия уттубу?

- Жок, менимче, түрк жарандары утулду. Себеби, Эрдоган өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келатат. Бийликке альтернативанын болушу - демократиянын фундаменталдуу принциптеринин бири. Түркиядагы бүгүнкү окуяларды демократия деп атоо кыйын. Ал жакта либералдуу эмес демократияга күбө болуудабыз. Оппозициянын өкүлү Кылычдароглуна коомдук талкууга, медиага чыгуу мүмкүнчүлүктөрү чектелди. Талапкер жалган маалымат таратуу кампаниясынын курмандыгы да болуп калды. Эрдогандын оппоненттерине оппозициялык ишмердигин жүргүзүү да кыйындады, чектелди, жарандык коом барган сайын көбүрөөк куугунтукталып жүрөт. Ошон үчүн түрк жарандары жеңди деп айта албайм. Бирок, албетте, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп айтууга да болбойт. Менимче, өнөктүктүн жыйынтыгы көпчүлүк шайлоочулардын эркин чагылдырат.

"Азаттык": Түрк жарандары ошондо эмнени колдоп добуш беришти? Айрымдар стабилдүүлүккө, бийликтин ырааттуулугуна артыкчылык беришкенин айтышат.

- Менимче, ошондой болду. Эрдоганга келгенде эл бөлүнүп-жарылып, түрдүү көз караштарын билдиргени менен ушунча жылдан бери бийликте тургандыктан, кандайдыр бир туруктуулуктун символу деп кабыл алынып калгандай. Түрк шайлоочулары экономикалык оор кырдаалга, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштериндеги алешемдиктерге карабай, ошол стабилдүүлүктү тандагандай. Айтмакчы, зилзаладан жабыркаган аймактарды алсак, жергиликтүү элдин бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясын бекем колдогонун көрүүгө болот. Бул жагдай эл Эрдоганды “кайра куруучу” деп эсептерин туюндургандай. Президент жер титирөөдөн кийин өзүн элдин камын көргөн, элди ойлогон, бардыгын калыбына келтирүүгө жөндөмдүү “камкор ата” деп сүрөттөөгө жетишти.

"Азаттык": Шайлоонун жыйынтыгы түрктөрдүн экиге бөлүнгөнүн көргөздү. Эрдоган элди бириктирүү үчүн кандайдыр бир кадамдарды жасайт деп күтсө болобу?

- Ачык айтканда Түркиядагы жарандык коомдун кайсы бир бөлүгү Эрдоган жана анын “Адилет жана өнүгүү” партиясы чагылдырган бардык нерселерди жек көрөт. Президент ошол адамдарды түйшөлткөн маселелерге көңүл бурат деп элестетүү кыйын. Себеби ал үчүн Эрдоган өкмөтү таянган саясий моделди өзгөртүү зарыл. Албетте, андай болбойт. Президент аны колдогон адамдардын катарын бир аз кеңейтүү үчүн экономикалык маселелерге кайрылып, өзгөчө инфляцияны ооздуктоо аракетин көрүшү мүмкүн. Жашоонун кымбатташы түркиялыктарды тышкы саясатка караганда көбүрөөк тынчсыздандырган негизги маселе болуп келатат. Айрымдарды атүгүл ички саясат, ошол эле адам укуктары анча кызыктырбайт. Айтор, президент популярдуулугун жогорулатыш үчүн экономикалык каатчылык жаатында чара көрүүгө тийиш. Бирок бул жерде деле мен оптимист эмесмин.

"Азаттык": Эрдоган үчүнчү жолу беш жылдык мандатты жеңип, түрк жумуриятын эң узак башкарган жетекчи болуп калууда. Бийликтеги мөөнөтү жагынан Ататүрктөн да ашат экен. Президентти буга чейин эле авторитардык багыт үчүн сындап келишкен. Демократиянын абалы мындан ары кандай болот дейсиз?

- Буга чейин эле Түркияда жарандык укуктар, сөз эркиндиги, маалымат каражаттарынын эркиндиктери кыйла чектелегенине күбө болуп келдик. Мындай тенденция 2016-жылкы мамлекеттик төңкөрүш аракетине чейин эле байкалган. Себеби 2015-жылдан тарта басым-кысым, академиялык чөйрөдө, медиада тазалоо, куугунтук учурлары көбөйгөн. Менимче, бийликти бир кишинин колуна топтоо тенденциясы, башкача көз карашты кармангандардын репрессиясы уланат. Ошол эле маалда качкындар маселесинде Түркиянын борбордук бийлиги Еврошаркет менен кызматташтыгын уланта бермекчи. Бир катар талдоочулар Брюссел Эрдогандын башкарууда калганын кубануу менен кабыл алганын айтышат. Анткени каалайбызбы же жокпу, Анкара мыйзамсыз мигранттар, качкындар маселесин тескөөдө Евробиримдиктин өнөктөшү бойдон калууда. Муну менен бирге ошол качкындардын абалы начарлайт деп күтсө болот деген ойдомун. Себеби, Эрдоган келгиндерди жактырбаган көптөгөн түрк жарандарынын нааразылыгын көз жаздымда калтыра албайт. Бул маселеде катаал саясат жүргүзөт деп ойлойм.

"Азаттык": Борбор Азия мамлекеттери үчүн Эрдогандын жеңиши эмнени билдирет? Ал өлкөлөр да Эрдоганды стабилдүүлүктүн символу деп кабыл алышабы?

- Ооба, менимче Түркиянын Борбор Азия боюнча саясаты мурдагыдай ыргагы менен улана берет. Ал саясат орток нарк-насил, орток тамырлар идеясына негизделгени белгилүү. Түркия “аби” же улуу бир туугандай эмес, өзүн “Түрк тилдүү мамлекеттер” уюму аркылуу ошол өлкөлөрдүн башын бириктирген күч кылып көргөзүүгө аракеттенет. Менимче, мындай саясат уланат. Орусияны да стратегиялык, маанилүү өнөктөш катары караган саясат өзгөрбөйт. Бирок Кылычдароглу жеңсе деле, Анкаранын Борбор Азия жана Орусия саясаты жалпы жонунан ушундай эле кала бермек. Чынын айтсам, бул жаатта чоң, радикалдуу өзгөрүүлөр болмок деп ойлобойм. Түркияны евразиялык держава катары көрсөткөн идея Эрдогандын тушунда өзгөчө өнүгүп, сүрөөнгө алынып келгени менен, андай саясат түрк насил-наркынын маанилүү бир бөлүгүн түзөт деп ойлойм. Демек, Кылычдароглу президент болуп шайланып калса деле бул чөйрөдө да стабилдүүлүк сактала бермек.

"Азаттык": Борбор Азия демекчи, чөлкөмдөгү мамлекеттердин жетекчилери шайлоодо 80-90% чейин добуш алган учурлар четинен жолугат. Түркия президенти авторитаризмге айыпталганы менен экинчи айлампада 52% добуш алды. Борбор Азия өлкөлөрү менен Түркиянын айырмасы ушул жерде байкалат го?

- Мен буга чейин айтып өткөндөй, Түркияда Беларустай же борбор азиялык кээ бир өлкөлөрдөй болуп шайлоо бурмаланып кетиши ыктымал деген коркунуч жокко эсе. Себеби саясий салт, адаттары башкача. Муну менен бирге демократиянын либералдуу эмес болуп баратканын көрүүдөбүз. Ооба, шайлоо жакшы, үзүгүлтүксүз өтөт, ачык-айкын деп таанылат. Бирок ачык саясий атаандаштыкка жол бербеген көптөгөн саясий тоскоолдуктар түзүлгөнүн көрүп жатабыз. Мисалы, маалымат каражаттарынын басымдуу бөлүгүн өкмөт көзөмөлдөгөндүктөн, шайлоодо медиа өзүнүн ишин калыс, бейтарап жүргүзө албайт. Жада калса бир кездери эркин болуп эсептелген Жумхуриет өңдүү гезиттер бийликти тейлеген, бийликке кызмат өтөгөн басылмага айланып калды. Академиялык чөйрөдө, университеттерде жана айтып өткөндөй, күрттөр менен элдешүү катына кол коюлган 2015-жылдан бери канчалаган кишини куугунтуктап, абактарга салышты. Айтайын дегеним, жарандык коомдун өз ишин жүргүзүүсүнө барган сайын мейкиндик калбай баратат. Ушундай контексттен алып караганда, ооба, шайлоолор ырааттуу өткөрүлөт. Бирок эркин демократиялык чөйрөдө өтөт деп айта албайм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG