Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:51

Белгород губернатору түнкү аткылоодо үч адам жараат алганын айтты


Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород, Брянск, Курск облустарынын бийлиги аткылоо болуп жатканы тууралуу билдирүүдө.
Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород, Брянск, Курск облустарынын бийлиги аткылоо болуп жатканы тууралуу билдирүүдө.

Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Украина тараптан түнкү аткылоодон үч адам жараат алганын билдирди. Ал Телеграм-каналына облустун борбору бутага алынганын жазды.

“Түндө абадан коргоо системасы иштеди, жер тамдар жана үй жабыркады. Бул түнү Шебекино көп аткыланды. Маал-маалы менен аткылоо уланууда”,-деди Гладков. Маалыматтарга караганда, жараат алган адамдын экөө ооруканага жаткырылды.

Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Буга чейин губернатор Украина менен чектеш райондордун тургундарын "убактылуу үй-жайын таштап чыгып кетүүгө" үндөгөн.

Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород, Брянск, Курск облустарынын бийлиги аткылоо болуп жатканы тууралуу билдирүүдө.

Бул чабуулдарга байланыштуу алар украин бийлигин күнөөлөшөт. Киев эч кандай комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG