Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Казакстанда кеминде 14 активист кармалганы кабарланды


«Алга, Казакстандын» активисттери
«Алга, Казакстандын» активисттери

Астанада жана Алматада полиция каттоодон өтпөгөн «Алга, Казакстан» партиясынын кеминде 14 активистин 8-июнда кармап кеткен. Бул тууралуу укук коргоочу Бакытжан Торегожина 9-июнда кабарчыларга билдирди.

Кармалгандар Астана эл аралык форумун утурлай тынч митинг өткөрүү демилгеси менен мэрияга кайрылышкан. Алар чет элдик саясатчылардын жана дипломаттардын көңүлүн Казакстандагы адам укугуна байланыштуу көйгөйлөргө бурдурууну көздөшкөн. Талаптардын арасында «саясий туткундарды», анын ичинде Марат Жыланбаевди бошотуу жана «Алга, Казакстан» партиясын каттоодон өткөрүү да бар эле.

Бийлик митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес. Активисттердин көбү форум өтөр күнү таң эрте эле кармалган. Маалыматка караганда, полиция активисттерди үч сааттан ашуун «мыйзамсыз кармап», кечке жуук араң бошоткон. Социалдык тармактарда кээ бир активисттерге күч колдонулганы тууралуу маалымат тарады. Полиция кармалгандарга байланыштуу эч кандай комментарий берген жок.

8-9-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен Астана эл аралык форуму өттү. Иш чарага Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров катышып сөз сүйлөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG