Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Өзбекстан постсоветтик аймакта калкынын саны жагынан экинчи орунга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын кол салуусунан улам Украинанын калкынын саны кескин кыскарганына байланыштуу Өзбекстан элинин саны боюнча постсоветтик аймакта экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу BNE Intellinews басылмасы жазды.

2000-жылдардын башында Украинанын калкы 45 миллионго жетсе, согуштан улам 29 миллионго чейин кыскарган. 145 миллион калкы бар Орусиядан кийинки эле тепкичте Украина турчу.

Июнь айындагы расмий статистикага ылайык, Өзбекстандын калкы 36 миллиондон ашты. Коңшу өлкө постсоветтик аймакта эли жаш жана динамикалык ыргакта өнүгүп бараткан өлкө деп белгиленген. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебине караганда, сегиз миллиондой украиналык согуштун айынан өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG