Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

Жоокердин жараат алышына шектүү кызматкер үй камагына чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кой-Таштагы аскердик бөлүктө жоокер октон жараат алган окуяга байланыштуу иш Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликтен аша чабуу” деген беренесинин негизинде козголуп, батальондун штаб башчысы шектүү катары кармалганын бүгүн 9-июнда “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан кабарлашты. Мекеменин расмий өкүлү Сирожиддин Камолидиновдун айтымында, шектүүнүн бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, ал үй камагына чыкты.

6-июнда, маалыматта айтылгандай, Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде катардагы жоокер курал-жарак сакталуучу жайдын ичинде АКС-74 куралы менен өзүнө көкүрөк жагына ок чыгарганы тууралуу билдирүү түшкөн.

7-июнда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы бул факт боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошол эле күнү батальон штабынын башчысы кармалып, гауптвахтага киргизилген.

8-июнда Биринчи Май райондук тергөө судьясына шектүүнү камакка алуу жөнүндө өтүнүч келтирилген. Судья ага карата үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.

Коргоо министрлиги Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 бөлүктүн аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылып, октон жаракат алганын билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы жаракат алган аскерге борбордогу клиникалардын биринде операция жасалганын, абалы канааттандырарлык экенин кабарлаган.

Жараат алган аскер Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургун экенин, ал ок жегенден тышкары зомбулукка да кабылганын апасы Майрамбүбү Абдразакова билдирген.

8-июнда Абдразакова “Азаттыкка” кайрылып, уулу операция болгонун, ок өпкөсүнө жана кабыргасына тийгенин, мындан тышкары ал сабалганы да белгилүү болгонун айтып берген.

Абдразакова териштирүү жүрүп жатканын, баарын тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүнө айтып бергенин билдирип, уулу жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганын, ал өзүн өзү атып алган деген версия каралып жатканын айткан:

“Денеси бүт көк ала. Сабалыптыр. Жаагынан бери көк ала. Автоматты тазалап жатканда ичинде ок бар экен. Тигилер сабаптыр. Кирип барып, ачуусу менен автоматты тазалайын деп жатканда атылып кетиптир. Эмне үчүн анын ичинде ок болушу керек? Баланы эмнеге сабашат? Эки далысы, жаагынан бери шишите сабалган”.

Аскердик кызматын өтөп жатып жараат алган, каза болгон жоокерлер боюнча түрдүү окуялар буга чейин да катталып келген.

2022-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө каза болгон төрт жоокердин окуясы суицид деп катталганын башкы прокурор Курманкул Зулушев кабарлаган.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG