Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Бишкек шаардык соту Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн узартты


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Бишкек шаардык соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн 10-июлга чейин узартты. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты.

Бишкектеги Октябрь райондук соту Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыгарган. Башкы көзөмөлдөөчү орган анда “келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн. 512 мин 858 сому Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды",-деп билдирген.

Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу былтыр сентябрда кармалган.

Канадалык инвестор “Центерра” менен чогуу иштетип келген Кумтөр алтын кенин Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы алып, аны жетектөө укугу ага чейин канадалык компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келген Тенгиз Бөлтүрүккө берилген. Кийин ага "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин башкаруу укугу да ыйгарылган.

Өлкөнүн Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча жүз барактан турган отчетун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип жазылган.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 миллион 45 миң сом короп, бул боюнча отчет берилген эмес.

Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG