Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Угледарга жакын айылдар орус аскерлеринен бошотулганы кабарланды


Украинадагы Благодатное аймагы.
Украинадагы Благодатное аймагы.

Украинанын Олеска Довбуш атындагы 68-бригадасы Донецк облусундагы Благодатное конушун Орусиянын аскерлеринен бошотконун билдирип, аны ырастаган видеону Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Тасмада украин аскерлери аткылоодон тамтыгы чыккан имаратка Украинанын туусун илип жатканын көрүүгө болот. Орус аскерлери туткунга алынганы айтылып, бирок кенен маалымат берилген жок.

Украин армиясы бошоткон аймак Угледар шаарына жакын Донецк облусундагы Благодатное айылы экени кабарланды.

11-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатканын кабарлаган.

10-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский көптөн күткөн контрчабуул башталганын билдирип, бирок ал азыр кайсы этапта экендигин айткан эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG