Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Кемпир-Абад иши: абактагылар тергөө тобунун жетекчисине каршы арызданды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар.

Кемпир-Абад иши боюнча №1 тергөө абагында жаткандар тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековго каршы арызданышты. Шектүүлөрдүн бири, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына чыккан билдирүүдө Улан Жапеков Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта жаткандарды бөлүп-жарууга аракет кылып жатканы жазылган.

“7-июнда бир нече Кемпир-Абадчыларды (“Кемпир-Абад иши” боюнча кармалгандар) СИЗОдон Тергөө башкармалыгына атайын чакырган эмес. Бирок Кемпир-Абадчылардын койгон талабынан кийин аларды Тергөө башкармалыгына алып келүүгө аргасыз болгон. Бирок 8-июнда ошол эле адамдарды СИЗОнун кезметинен артка кайтарткан. Мындай көрүнүш 9-июнда да уланган”.

Бул дооматка Улан Жапеков жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG