Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Ошто уурулукка шек саналгандардын жакындары басма сөз жыйынын өткөрдү


Шектүүлөрдүн жакындары.
Шектүүлөрдүн жакындары.

12-июнда Кара-Суу районунун онго чукул тургуну Ошто маалымат жыйын берип, алардын жакындары беш айдан бери камакта жатканын айтып нааразычылыгын билдиришти.

Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен кармалган. Аларга сегиз даана оролгон кездемени уурдаган деген айып коюлган. Камакта жаткандардын экөө аял. Арасында Өзгөчө кырдаалдар милистрлигинин бир кызматкери да бар.

Басма сөз жыйынын өткөргөндөр жабырлануучу жеке ишкер Ганишер Бадалов башында 48 миң сом зыян тартканын айтып азыр 29 миллион сом зыяндын оордун толтуруп берүүнү талап кылып жатканын билдиришти.

Камактагылардын бири кездемелерди алып чыкса калгандары андан кездемени сатып алгандар экени айтылды. Камалгандардын жактоочусу Кутман Медетбеков анча оор эмес кылмыш үчүн шектүүлөрдү камакка алуу адилетсиз экенин айтты.

Андан сырткары ӨКМдин кызматкеринин ишин аскер прокуратурасы тергеши керектигин билдирди. Окуя 2023-жылдын 8-февралында болгон. Азырынча милиция жана ӨКМ бул окуя боюнча комментарий бере элек. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG