Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан адамга каршы милицияга арыз жазды


Маматкарим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковду бетке чапкан учур.
Маматкарим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковду бетке чапкан учур.

Эркин журналист Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловго каршы Ош шаардык милициясына арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзү билдирди. Анын сөзүнө караганда, окуя 12-июнда “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программасынын уландысын тартып жүргөн учурда болгон.

“Милицияга көрсөтмө бердим. Окуя болгондо эле ошол жерге 102ге чалып милиция чакырганбыз”, - деди Исаков.

Ыдырыс Исаков социалдык тармактардагы баракчасына окуя учурунда тартылган кыска видеону жарыялады. Тасмадан Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чапканын көрүүгө болот.

8-июнда Ыдырыс Исаковдун Ютубдагы каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген материал чыккан. Анда Ош пансионатынын жерлери мыйзамсыз менчиктештирилгени, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болот.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенген. Ушул тапта өзүнүн аты менен Ютуб порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 453 миң катталуучу бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG