Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Орусияда кармалган тажик мигранттары шарттын начардыгына даттанууда


Орусияда полициянын акыркы кездердеги атайын рейддеринде кармалган тажикстандык мигранттар кармоо шарттары начар экенине даттанууда.

Алардын айрымдары "Озоди" радиосуна видеокайрылуу жөнөтүп, 5-июнда Москва облусундагы Котельники шаарында кармалганын билдиришкен.

"Бөлмөлөр өтө тар, шарттары аябай начар. Ысык суусу жок", – деген видеодогу мигранттардын бири.

Акыркы жумаларда Орусиядагы кармоолор учурунда жүздөгөн мигрант сабалып, айып пул салынган. Алардын көбү Тажикстанга депортацияланган.

Маалыматка караганда, Котельники шаарындагы мигранттарга каршы рейддер дээрлик токтосо, Санкт-Петербургда уланууда. Полиция алар иштеген жана жашаган жерлерди текшерип жатат.

Орусиянын бийлиги мигранттардын жапырт кармалышын жергиликтүү тургундардын даттанууларынын негизиндеги жүргүзүлгөн кадимки текшерүү деп атаган.

Буга чейин Дүйшөмбү мигранттардын укуктарынын сакталышын камсыздап берүү өтүнүчү менен орус тарапка кайрылышкан.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда Тажикстандын 1 миллионго жакын жараны бар. Алардын көбү эмгек мигранты катары барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG