Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:49

Маданият министрлигинин өкүлү демократияны сактап калуу керек экенин айтты


Салкын Сарногоева.
Салкын Сарногоева.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева Бишкекте 13-июнда өткөн "Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары" жыйынында сүйлөп жатып өлкөдө демократияны сактап калуу керек экенин билдирди. Ал президенттик администрация даярдаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча түзүлгөн жумуш тобу бир пикирге келиши керек деп эсептей турганын айтты.

“Азыр эми дагы убакыт бар. Баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Мыйзам кабыл алынып калса жок дегенде маанилүү беренелерди өзүбүзгө ыңгайлуу кылышыбыз керек. Анткени медиа рынок өсүп, демократиянын аралчасы деп мактанганыбызды сактап калышыбыз керек. Абдан маанилүү беренелер боюнча дагы бир карап аракет кылышыбыз керек”, - деди министрликтин өкүлү.

“Медиа Полиси Институту” уюму президенттик администрация даярдаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун бешинчи редакциясына талдоо жүргүзүп, ал Баш мыйзамга жана эл аралык келишимдерге каршы келерин билдирди.

Фонддун 13-июнда тараткан билдирүүсүндө долбоордун буга чейинки редакциялардында жумуш тобу менен бирге ар бир берене боюнча деталдуу талкуу жүрбөгөнү, президенттин администрациясы эркин медиалардын ишмердигине коркунуч жарата турган нормаларга көңүл бурбай келгени жазылган.

"Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары" жыйынына жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана парламент депутаттары катышты. Анда өлкөдөгү сөз эркиндигине, бейөкмөт уюмдарга, адам укуктарына байланыштуу демилгеленген мыйзам долбоорлору талкууланды.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана президенттик администрация демилгелеген "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө", “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик-укуктук актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлоруна активисттер жана жарандык коом тынчсыздануу билдирген.

Сөз болгон мыйзамдар маалымат каражаттарын каттоодон баш тартууга жана бейөкмөт уюмдардын жабылышына, көз каранды эмес маалымат каражаттарын, коомдук уюмдарды каржылоону чектеп, алардын кескин кыскарышына алып келиши ыктымал деген кооптонуулар айтылып жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG