Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Кривой Рог: Орусиянын соккусу 11 кишинин өмүрүн алды


Кривой Рог шаарындагы орус армиясынын ракетасы тийген үй. 13-июнь, 2022-жыл.
Кривой Рог шаарындагы орус армиясынын ракетасы тийген үй. 13-июнь, 2022-жыл.

13-июнга караган түнү Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган орус армиясынын ракеталык соккуларынан кеминде 11 киши мерт кетти. Ондогон адамдар жаракат алды. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кичи мекени деп саналган шаарда 14-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Президент кол салууну кескин айыптады.

"Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам. Террорчулар эч качан кечирилбейт, алар ар бир урган ракета үчүн жооп беришет", - деп жазды Зеленский Телеграмга.

Бул түнү Украинанын баардык аймагында кол салуу коркунучу тууралуу эскертүү берилген. Баш калаа Киев да аткылоого дуушар болгону, ракеталардын баары асмандан атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 13-июнга караган түнү "Орусиянын Аба-космос күчтөрү жогорку тактыктагы алыскы аралыкка жетчү курал менен украин куралдуу күчтөрүнүн резервдери топтолгон жайларга, курал-жарак кампаларына сокку урганын" билдирди.

Ал арада Кахов ГЭСиндеги дамбанын жарылуусунан улам суу каптаган Херсон облусунун Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө кайтыш болгондордун саны 17ге жеткенин аймактын Москва дайындаган башчысы Андрей Алексеенко социалдык тармактарга жазды.

Дамбанын жарылуусунан ондогон калктуу конуштарды суу каптап, миңдеген тургундар коопсуз жактарга көчүрүлдү. Жардыруу үчүе Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG