Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:39

Күрөш: Өмүрбек Асан уулу өспүрүмдөр арасында Азиянын чемпиону болду


Өмүрбек Асан уулу күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын жарым финалында. 13-июнь, 2023-жыл. Бишкек.
Өмүрбек Асан уулу күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын жарым финалында. 13-июнь, 2023-жыл. Бишкек.

"Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу жеңүүчү болду. Ал 13-июнда эркин күрөштөн 60 килограммга чейинки салмакта финалда ирандык Сажад Голамхассан Пирдайехти 2:1 эсебинде утту.

Өмүрбек Асан уулу буга чейин чейрек финалда түркмөн балбаны Үмүт Какалиевди 13:4, жарым финалда индиялык Тушар Тушарды 8:2 эсебинде утуп алган.

Ушул эле күнү кыргызстандык эки балбан коло байге үчүн таймашты. 48 килограмм салмакта Данил Абдыкадыров 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Абдумалик Жалолдиновго, 92 килограмм салмакта Мураджон Полатов жапониялык Ноа Лейбовицке жеңилди.

Бир күн мурда күрөштүн бул түрүнөн 65 килограмм салмакта Рустамжан Кахаров күмүш медал тагынган.

10-июнда башталган күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты бүгүн аяктайт. Буга чейин грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык балбандар төрт алтын, эки күмүш жана беш коло байгеге ээ болушкан.

Грек-рим күрөшүнөн Марлен Абдысаматов (45 кг), Сабит Шамшединов (60 кг), Мирсаид Юнусов (65 кг), Ырыскелди Хамзаев (71 кг) Азия чемпиону болушса, күмүш байгеге Ырысбек Хамдамов (51 кг), коло байгелерге Мирлан Мамыров (80 кг) менен Таласбек Бообеков (100 кг) ээ болуп, Кыргызстан командалык эсепте 2-орунду ээлеген.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Акылай Чыныбаева (57) күмүш, Асема Төрөгелдиева (46 кг), Азиза Шумкарова (53 кг) жана Элина Бакытова (69 ) коло байгеге ээ болду.

Күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынан кийин бир күн тыныгуу болуп, 15-июндан 18-июнга чейин 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты башталат. Мелдештерге катышуу үчүн 20дан ашык мамлекеттен 500гө жакын спортчулар келишкен. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG