14-июнга караган түнү Орусиянын армиясы Одессага жасаган ракеталык чабуулунан кеминде үч адам мерт кетип, дагы 13 киши жарадар болду. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн “Түштүк” ыкчам командачылыгы билдирди.
Маалыматка караганда, орус аскерлери Кара деңиздеги кемеден урган аба соккудан Одессадагы бизнес борбор, билим берүү мекемеси, турак-жайлар, коомдук тамактануу жайлары жана дүкөндөр жабыркаган.
Соода түйүндөрүнүн биринин кампасынын 1000 чарчы метр аянты талкаланып, 400 чарчы метри өрттөнгөн. Аскер кызматкерлери урандылар тазаланып жатканын, анын алдында дагы адамдар болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
13-июнга караган түнү Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган орус армиясынын ракеталык соккуларынан кеминде 11 киши мерт кеткен. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кичи мекени деп саналган шаарда 14-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Президент кол салууну кескин айыптады. (BTo)