Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Украина: орус армиясынын ракеталык соккусунан алты киши каза болду  


Орус армиясынын ракеталык соккусунан жабыркаган соода борборунун жанында иштеп жаткан муниципалдык жумушчулар. Украина. 14-июнь, 2023-жыл. REUTERS/Сергей Смоленцев.
Орус армиясынын ракеталык соккусунан жабыркаган соода борборунун жанында иштеп жаткан муниципалдык жумушчулар. Украина. 14-июнь, 2023-жыл. REUTERS/Сергей Смоленцев.

Украинада 14-июнга караган түнү орус армиясынын соккусунан кеминде алты киши мерт кетти. Бул тууралуу украин бийлигинин өкүлдөрү жана аскерлер шаршембиде билдиришти.

Өлкө түштүгүндөгү Одесса шаарына жасалган орус күчтөрүнүн соккусу бери дегенде үч кишинин өмүрүн алды. Ондон ашууну жабыркады. Маалыматка караганда орус армиясы Кара деңиздин жээгинде жайгашкан шаарга төрт «Калибр» ракетасы менен сокку уруп, алардын экөө асмандан атып түшүрүлгөн. Эки ракета дүкөндүн кампасына тийип, жанындагы соода борбор, мектеп, карапайым тургундар жашаган комплекс жабыркаган. Аскерлер урандылардын алдында да адамдар калышы мүмкүн экенин айтышууда.

Андан тышкары Донецк облусундагы Краматорск жана Константиновка шаарларында орус армиясынын ракетасынан үч киши мерт кеткенин облус губернатору Павел Кириленко Фейсбукка жазды.

Ал ошондой эле ондогон турак жайлар талкаланганын кошумчалады. Украин армиясы 14-июнда маалымдагандай, орус күчтөрү канаттуу ракеталар жана Иранда чыгарылган учкучсуз аппараттар менен чабуул койгон.

Днепропетровск облусу экинчи күн катары менен аткылоого туш болуп жатканын 14-июнда аймактын губернатору Сергей Лысак билдирди.

Украин аскерлери өлкөнүн түштүгүндө жана чыгышында жети калктуу конуш орус армиясынын бошотулганын, ал эми Бахмуттагы айыгышкан салгылашта ийгилик болгонун кабарлашты.

Москва бул маалыматты төгүндөп жатат. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын контрчабуулу өз максатына жетпей калганын, Киевдин жоготуулары Москваныкынан 10 эсе көп экенин 13-июнда билдирди.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Путиндин комментарийин «өзүн-өзү алдоо» деп сыпаттады.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG