Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Үй шартында бала бакча иштеткен ишкерлер салыктан бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкерлер салыктан бошотулганын билдирди. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, бул жеңилдик жеке ишкелерге гана тиешелүү. Алар нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтө алышат.

“Мындай ишкерлер Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын сактоо менен бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчетту тапшыруудан бошотулган. Жеке ишкер өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат”, - деп айтылат маалыматта.

Алар киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет берүүдөн бошотулат. Бирок жыл сайын 1-апрелге чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек. Мындай жайлардагы кызматкерлер патенттин негизинде иштешет.

Ал эми лицензия алып иштеп жаткан кадимки бала бакчалардын салыктык төлөмдөрү өзгөргөн жок.

Март айында Бишкек шаарында үй шартында бала бакчаларды ачууга колдоо көрсөткөн “Өкмөттүк акселераторлор” долбоору иштей баштаган. Бул үчүн ишкерлерден лицензия, чоң имараттын болушу талап кылынбайт. Каалоочулар өзүнүн үйүндө 25 балага чейин, ал эми көп кабаттуу турак жайдын биринчи кабатындагы батирде 10го чейин балага кызмат көрсөтө алат.

Кийин ушул багытта ишкердик кылгысы келген ишкер аялдар үчүн атайын окутуу уюштурулуп, аларды саламаттык сактоо, өрт коопсуздугу, мектепке чейинки билим берүү багыттары боюнча атайын даярдыктан өткөн тренерлер окуткан. Окуу аяктагандан кийин аларга үй шартында бала бакча ачып, иштетүүгө укук берүүчү сертификат тапшырылары айтылган.

Кыргызстанда 1 млн. 200 миң баланын 24% гана, же болбосо 200 миңи бала бакчага барат. Калган 76% (900 миң бала) бала бакча менен камсыз болбогонун Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 24-апрелде маалымат жыйында билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG