Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Президент Ысык-Көлдөн 96 миң метр тор, 6 тонна таштанды чыгарылганын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары быйыл төрт айга жетпеген убакыт ичинде Ысык-Көлдөн 96 миң метрге жакын тор жана алты тоннага чукул таштанды чыгарганын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы 14-июнда Бишкекте куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып айтты.

“Көлдүк туугандарга, браконьерлерге кайрылат элем. Салган торлоруңар унутулуп калып түшкөн балыктар чирип жыттанып кеткен учурлар аябай көп болуп атат. Бул эмне деген акмакчылык. Көлдүн түбүнүн баары эле тор болуп кеткен. Адам баласыбыз го акыры. Балыктарга да 3-5 жыл тынч жашоо бербейлиби. Мораторий кирген. 3-5 жыл балык жебей койсоңор эч нерсе болбойт. Балык баккан жерлерден сатып жегиле”, - деди президент.

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жалпы эле жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырып, туристтерге жакшы шарт түзүү керектигин айтты. Анын айтымында, былтыр Кыргызстанга 4 миллион турист келсе, быйыл 10 миллионго жетет деп күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулаган торлордон тазалоо иштерин март айынан тарта баштаган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG