Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Медиа жана жарандык коом өкүлдөрү бийликке кайрылуу жолдошту


“Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам чыгаруу демилгелеринин коркунучтары” талкуусу.
“Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам чыгаруу демилгелеринин коркунучтары” талкуусу.

Кыргызстандын медиа коомчулугунун өкүлдөрү жана жарандык активисттер президент Садыр Жапаровго кайрылып, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл албоого, аны иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумуш тобунун ишин үзгүлтүккө учураткан кызматкерлерди жоопко тартууга чакырышты. Бул тууралуу 13-июнда Бишкекте өткөн “Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам чыгаруу демилгелеринин коркунучтары” деген темадагы “тегерек стол” талкуусунун жыйынтыгында кабыл алынган кайрылууда айтылды.

Ошону менен катар аталган кайрылууда “чет өлкөлүк өкүл” жөнүндөгү мыйзамды да кабыл алуунун зарылчылыгы жоктугу, аны кайра артка кайтаруу керектиги белгиленди.

Кайрылууга кол койгондор Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылып, кеп болуп жаткан эки мыйзамга каршы добуш берүүгө чакырышты.

Ал эми эл аралык өнөктөштөрдү мындай репрессиялык мыйзамдар өлкөнүн милдеттенмелерине каршы келерин, кызматташуу жана жардам көрсөтүү программаларына, Кыргызстандын укуктук, демократиялык аброюна да терс таасир тийгизерин ачык айтууга үндөштү.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга 15-майда чыгарган. Медиа тармагынын өкүлдөрү алардын сунуш-пикирлерин бийлик укпай койгонун, эгер мыйзам азыркыдай редакцияда кабыл алынса сөз эркиндиги чектелип каларын айтып жатышат. Бийлик андай дооматтарды четке кагууда.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган "чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты. “Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. (RK)

XS
SM
MD
LG