Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Төө-Ашуу туннелинин ичин каптап жаткан суу токтоду


Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин канализациясы. 14-июнь, 2023-ж.
Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин канализациясы. 14-июнь, 2023-ж.

Бишкек–Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду. Бул тууралуу 14-июнда кечке жуук Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 12-13-июнь күндөрү туннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган.

Жолчулар түтүктөрдү тазалап, суу кеткен, бирок бүгүн 14-июнда кечээки абал кайра кайталанган.

“Туннелдин ичиндеги жумуштар аягына чыкса, кийин мындай көйгөй жаралбайт”, - деп билдирди министрлик.

19-майдан тартып 28 -июнга чейин туннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдары акталып жатат. Буга байланыштуу автоунаанын өтүүсү күнүнө үч маал 2-3 саатка убактылуу чектелип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG